Перейти на новый сайт

MegaCom студенттер үчүн жарнама жана PR боюнча мастер-класс өткөрдү

MegaCom студенттер үчүн жарнама жана PR боюнча мастер-класс өткөрдү

MegaCom компаниясынын жарнама жана PR багытында иш алып барган адистери ЖОЖдордун студенттери менен байма-бай жолугушуп турушат. «ЖОЖдордогу кесипкөй семинарлар» долбоорунун алкагында уюштурулган кезектеги иш-чара, 4-ноябрь күнү, «Манас» КТУнун Коммуникациялар факультетинде билим алып жаткан улан- кыздар үчүн өткөрүлдү.

«Жарнама, PR жана SMM» деген темадагы жолугушууга катышкан жарнама, PR жана журналистика жаатынын болочоктогу адистери, бардык курстардын студенттери PR-кампанияларды өткөрүү, PR-менеджеринин милдеттери, жарнама менен PR ортосундагы айырмасы тууралуу маалымат жана идеяларын ишке ашыруу боюнча баалуу кеп-кеңештерди алышты.

- Мындай жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиребиз! Мага абдан жакты. Бул жолугушуу мени алдыга койгон максаттарыма жетүүгө шыктандырат десем жаңылышпайм! – деген оюн билдире кетти «Манас» КТУнун Байланыштар факультетинин I курсунун студенти Ализа Жапаркулова.

Бетачар маалында MegaCom компаниясынын жарнама жана PR бөлүмүнүн жетекчиси Жумгалбек Өмүрканов TV чөйрөсүндөгү эмгек жолунда топтолгон жана ири уюлдук оператордун мисалында өзүнүн бай иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Жумгалбек университеттин бүтүрүүчүлөрү менен кызматташ экендигине жана кесиптештеринин кесипкөйлүгүнө, иш билгилигине токтолуп, өз алдынча билим алуунун маанилүүлүгүн да белгилей өттү. Компаниянын интернет-долбоорлор менен иштөө боюнча улук адиси Асель Абыкеева брендинг жана интернет-маркетингдин негизги каражаттары жөнүндө айтып берди. Студенттер компания адистерин кызыгуу менен угуп гана тим болбостон, өз ойлорун да айтып жатышты.

- Мындай жолугушуулар дайым өткөрүлүп турат. Буга чейин бизди ОшМУга чакырышкан, ал жерден «Мобилдик сабаттуулуктун сабактары» долбоорунун бетачары болуп өткөн. Өлкөбүздө билимге суусап турган таланттуу жаштар миңден саналат. Биздин жаштар менен болгон жолугушуубуз билим берүүгө жана өз ишин билген чеберлерди даярдоого кошулган салым болот го деп ишенем, - деп белгиледи MegaCom’дун жарнама жана PR бөлүмүнүн жетекчиси Жумгалбек Өмүрканов.

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы