Перейти на новый сайт
MegaCom – илим жана техника I Фестивалынын башкы өнөктөшү

MegaCom – илим жана техника I Фестивалынын башкы өнөктөшү

MegaCom компаниясы билим берүүнү, жаштарды колдоого багытталган долбоорлорго байма-бай катышып келет. Сөзүбүзгө аралжы, өлкөбүздүн алдыңкы оператору 8-9-ноябрь күндөрү өткөрүлө турган илим жана технологиялар фестивалына башкы демөөрчүлүк кылмакчы. MegaCom «Акылбектин жана Билимбектин кызыктуу окуялары» аттуу жеке уникалдуу долбоорун - телекоммуникациялар жана технологиялар жөнүндө баяндаган мультсериалын көрүүчүлөргө сунуштайт.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, фестивалга келгендер эки күн бою ажайып көргөзмөгө күбө болушуп, чогулгандарга илим жана технологиялар тармактары боюнча жетишкендиктер көрсөтүлөт. Шаарыбыздын тургундары жана меймандары колдун учу менен бир жанып өтүү аркылуу электрондук төлөмдөрдү аткаруу, учкучсуз дрондор, робот-жардамчылар, 3D-калемсаптар, үч өлчөмдүү басып чыгаруу функциясы менен принтер, виртуалдуу реалдуу туулга, электрондук гаджеттер сыяктуу жаңы технологияларды көрүп гана тим болбостон, илимий тажрыйбаларга катышууга да мүмкүнчүлүк алышат. Кыргызстандык таланттуу конструкторлор да өз эмгектерин көрсөтүшөт.

«MegaCom жогорку технологиялуу компания, ошондуктан таланттуу жаштарды колдоону жана жаңы ысымдарды ачууну көздөгөн билим берүү багытындагы долбоорлорду көз жаздымга калтырбай келет. Бул фестиваль адамдардын өзүн курчап турган дүйнөгө өзгөчө өңүттөн сереп салуусуна, илимге, чыгармачылыкка жана интеллектуалдык баарлашууга болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө боло алат деген ишеничтемин», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

MegaCom өлкөбүздүн бир катар долбоорлорун колдоп келет, алардын катарына BarCamp, TEDex долбоорлорун, IT-адистеринин жолугушууларын - хакатондорду, «Mega Билим», «Мобилдик сабаттуулук сабактары» жеке демилгелерин кошууга болот. MegaCom улуттук уюлдук оператору кыргыз тил мугалимдеринин жыл сайын өткөрүлүүчү жалпы республикалык конкурсуна да колдоо көрсөтүп келет.

Көңүл буруңуз! Бош убактыңызды технологиялар дүйнөсүнө саякаттоо менен өткөргүңүз келсе, Tech and Science Fest фестивалынын негизги аянтчалары боюнча навигатор менен колдонгуңуз жана интерактивдүү конкурстарга менен сынактарга катышкыңыз келсе смартфондорго KNOQ атайын мобилдик колдонмосун орнотуңуз! Колдонмону AppStore же Play Marketтен акысыз жүктөп алууга болот. Толук маалымат фестивалдын сайтында жеткиликтүү!

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы