Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Бүткүл дүйнөлүк Илим күнү менен куттуктайт

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Бүткүл дүйнөлүк Илим күнү менен куттуктайт

MegaCom компаниясы кыргызстандыктарды Бүткүл дүйнөлүк Илим күнү менен куттуктайт. Бул күн жыл сайын 10-ноябрда белгиленет. Өлкөбүздүн алдыңкы мобилдик оператору билим берүү тармагын жана жаштарды колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууга өз салымын кошуп келе жаткандыгы маалым.

Tech and Science Fest фестивалын уюштурууда көрсөткөн демөөрчүлүк колдоо сөзүбүздү айгинелеп турат. Аталган иш-чара илимий-техникалык мүнөздө болуп, таланттуу окумуштууларды жана илимий изилдөөчүлөрдү колдоого багытталган. Фестиваль тууралуу толук баяндама менен оператордун сайтынан жана facebookтагы расмий баракчасынан таанышууга болот.
Илим биздин жашообузду алдыга карай сүрөп, технологияларды өнүктүрөт, адамзат үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн пайдубалын түптөйт. Илимий тажрыйбалар, изденүүлөр, жетишкендиктер өз жемишин берип, билим берүү, медицина, технологиялар тармактарын улам бир жаңы тепкичке жогорулатып келет.

MegaCom компаниясы илимий ишмерлерди, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү жана ойлоп табуучуларды кесиптик майрамы менен куттуктоо менен, аларга билимге сугарылган илимий көз караштары, адамзаттын мүдөөсүнө, заманбап жашоо шартка шайкеш келген ойлоп табуулары үчүн ыраазычылык билдирет жана жаңычыл идеяларын ишке ашырууда кажыбас кайрат, чыгармачылык эргүү каалайт.

MegaCom – билим берүү жана жаңычылдыктар үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы