Перейти на новый сайт
MegaCom: SIM-картаны каттоодон милдеттүү түрдө өткөрүү керек

MegaCom: SIM-картаны каттоодон милдеттүү түрдө өткөрүү керек

Урматтуу абонент, өз номуруңузду каттатып, персонификациялоо боюнча акцияга катышууга шашылыңыз!

SIM-картаңызды каалаган Сатуу жана тейлөө борборунан, Фирмалык салонунан каттоодон өткөрүп, SIM-картаны каттоо үчүн өз досторуңузду тартуу менен акциянын катышуучусу боло аласыз. Samsung же Huawei смартфонунун бактылуу ээси сиз болуп калышыңыз да мүмкүн. SIM-карталарды каттоо акысыз жүргүзүлөт. Акция 2014 -жылдын октябрь айынын аягына чейин уланат.

2014-жылдын 1-майынан 30-сентябрына чейин өткөрүлгөн беш этаптын жыйынтыгы боюнча, MegaCom өлкө боюнча жүздөгөн абоненттерин түрдүү белектер менен сыйлады. Отуздан ашуун баалуу белектердин - Samsung Galaxy Note GT-N7000 жана Huawei Ascend Y210 смартфондорунун ээлери аныкталды. Компания абоненттеринин катары арбып, жаңыдан келишим түзгөн абоненттерге миңдеген акысыз мүнөттөр, SMSтер жана жүздөгөн мегабайттар тартууланды.

Жагымдуу белектерден тышкары SIM-картасын каттоодон өткөргөн абоненттерге бир катар мүмкүнчүлүктөр тартууланат. Жашообузда тамырын жайган мобилдик шылуундук жана жоголуп кеткен номурду калыбына келтирүү, чалуулардын таржымалын алуу сыяктуу негизги артыкчылыктар да кепилденет.

MegaCom компаниясы өлкөбүздүн мобилдик байланыш абоненттеринин бардыгы өз SIM-карталарын милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүсү зарыл экендигин эскертет.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы