Перейти на новый сайт

"MegaФутбол" эми Ош шаарында

"MegaФутбол" эми Ош шаарында

26-сентябрда Ош мамлекеттик университетинин аймагында «MegaCom спорт сергек жашоо жана келечектеги чемпиондор үчүн!» деген ураандын алдында футбол аянтчасы ачылып, мини-футбол боюнча турнир өткөрүлдү.

Футбол аянтчасы Ош мамлекеттик университетинин жетекчилигинин демилгеси менен мобилдик оператор менен тыгыз кызматташтыкта курулган. Аянты 800 чарчы метр болгон футбол аянтчасы курчалып жана жашыл килемдей кубулган жасалма газон төшөлгөн. MegaComдун колдоосу менен буга чейин чакан футбол аянтчалары Каракол жана Баткен шаарларында курулуп, пайдаланууга берилсе, Таластагы шаардык стадион уюлдук оператордун колдоосу менен оңдолуп-түзөлгөн.

Чакан-футболдук аянтчанын ачылышы салтанаттуу кызыл тасма кесүү менен башталып, бул аземге Ош университетинин ректору Каныбек Исаков жана MegaCom компаниясынын Ош аймактык бөлүмүнүн директору Улан Мурадилов катышты. Өз кезегинде турнирдин катышуучуларына куттуктоо сөзүн жолдоп, ийгиликтерди жана жеңиштерди каалап кеткен Улан Мурадилов өз сөзүндө «MegaCom компаниясы бардыгын жаштар, сиздер үчүн жасайт», деп белгилөө менен, бул футболдук аянтчанын компаниянын «Mega Футбол» корпоративдик-социалдык долбоорунун алкагында ачылган 4-футболдук аянтча экендигин жана мобилдик оператор тарабынан уюштурулган футболдук турнирдин 8-жолу өткөрүлүп жаткандыгын кошумчалай кетти.

Кыргызстандын алдыңкы компанияларынын арасында мини -футбол боюнча өткөрүлгөн турнир кечке чейин уланып, беттешүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчү болуп «Газпром нефть Азия» командасы табылса, экинчи орунду ОшМУ курама командасы, үчүнчү орунду«Интек» ЖЧК командасы ээледи. Мындан тышкары, төмөнкү номинациялар боюнча мыкты оюнчулар деп табылган оюнчуларга өзгөчө белектер тартууланды: «Мыкты гол» - Тынчтык Батыров (Абдыш-Ата), «Мыкты дарбазачы» - Тахир Газыев (Чек ара кызматы), «Мыкты коргоочу» - Рахматилло Абдуллаев (Газпром нефть Азии), «Турнирдин мыкты оюнчусу» - Илимбек Мамытов («Манас» Эл аралык аэропорту), «Мыкты бомбардир» - Хикматилло Рашидов (ОшМУ), «Мыкты чабуулчу» - Мухамед Сыдыков («Интек» ЖЧК).

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө MegaCom компаниясынан баалуу белектер, кубоктор жана дипломдор тапшырылды. Турнир тууралуу толук фотобаянды компаниянын Facebook-тагы расмий баракчасынан көрүүгө болот. MegaCom спортту өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго өзгөчө көңүл бөлүп, кыргызстандык спортчуларды ар тараптуу колдоп, спорт менен машыгууга ыңгайлуулуктарды түзүп келет.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы