Перейти на новый сайт

MegaCom’дун Бразилиядагы роуминг-өнөктөштөрүнүн саны арбыды

Роуминговых партнеров MegaCom в Бразилии стало больше

MegaCom компаниясынын абоненттеринин ыңгайлуулугу үчүн, 2014-жылдын 29-сентябрынан тарта, Бразилиянын OI Movel S.A. ири байланыш операторунун тармагында «Кийин төлөнүүчү роуминг» жана «GPRS-роуминг» кызматтары ишке киргизилди. Буга чейин, аталган өлкөгө сапар тарткан MegaCom абоненттери Vivo операторунун тармагында роуминг кызматтарынын толук топтомунан пайдаланып келишкен.

Бразилия –баарына белгилүү карнавалдын, самбанын жана футболдун чыныгы күйөрмандарынын мекени. Сиз бул керемет өлкөгө саякат жасап, MegaCom’дун жогорку ылдамдыктагы мобилдик Интернети жана MMS кызматтары аркылуу досторуңуз жана жакындарыңыз менен кайталангыс сезимдериңиз менен бөлүшө аласыз.

«Чет өлкөлүк байланыш операторлору менен эки жактуу келишим түзүүнүн натыйжасында, MegaCom абоненттери көптөгөн өлкөлөрдө роуминг кызматтарынан пайдалана алышат. Жаңы роуминг өнөктөштөрүнүн саны күн санап үзгүлтүксүз өсүп келет», - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.

Роуминг кызматын кошуу, багыттардын толук тизмеси менен таанышуу жана кызмат тууралуу толук маалымат алуу үчүн MegaCom’дун каалаган Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун бирине кайрылууга болот. Мындан тышкары, кызмат тууралуу зарыл болгон маалымат менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.
 

MegaCom менен эстен кеткис саякат жасаңыз!
 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Прием и передача данных/факсов (CSD)

  • Услуга

    «Ты где?» корпоратив

  • Услуга

    Опция «Пауза»

  • Услуга

    Удаленное восстановление номера