Перейти на новый сайт
MegaCom: «Баланс+» кызматы менен нөл абалында да байланышта болуңуз

MegaCom: «Баланс+» кызматы менен нөл абалында да байланышта болуңуз

MegaCom компаниясы, мобилдик телефондун эсебинде каражат жок болгон учурда да байланышта болууга шарт түзгөн, «Баланс +» жаңы кызматын ишке киргизүү менен «Нөл абалындагы мүмкүнчүлүктөр» кызматтарынын түркүмүн кеңейтүүнү улантып келет.

Сиздин балансыңыздагы каражат чалуу аткаруу үчүн жетиштүү эмес жана балансты толуктоого мүмкүнчүлүгүңүз жок болгон учурда MegaCom’дун «Баланс +» кызматынан пайдаланыңыз.

Ишенимдүү төлөмдү кантип алууга болот?
MegaCom’дон 10 сом өлчөмүндөгү ишенимдүү төлөмдү алуу үчүн *222*1*# териңиз. Ишенимдүү төлөмдү алуу комиссиясы 2 сомду түзөт. Берилген төлөм соңку 2 сутканын ичинде балансты толуктоодо автоматтык түрдө эсептен алынат.

Кеңеш: Уюлдук телефонуңуздун китепчесинде *222*1*# номурун сактап алып, Сиз MegaCom түйүнүндө ишенимдүү төлөмдү алуу жолун эч качан унутпайсыз. Балансыңызда каражат түгөнгөндө да дайым байланышта болуңуз.

MegaCom компаниясы, өз абоненттери нөл абалында да дайым байланышта болуусу үчүн бир нече жолдорду сунуштайт. «Досумдун эсебинен чалуу» кызматынан пайдаланып досуңуздан жардам алууга болот. MegaCom түйүнүнүн абоненттеринен кайра чалуусун сурануу үчүн «Мага кайра чал» кызматынан пайдаланууга болот. «Куткаруучу тегерек» кызматынан пайдаланып MegaCom абонентине Сиздин эсебиңизди толуктап берүү өтүнүчүн жөнөтүңүз.

Аталган жана башка кызматтар тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Пауза

    кызматы