Перейти на новый сайт

Алысты жакын кылган MegaCom роуминги бийиктиктерди да багындырып келет

Алысты жакын кылган MegaCom роуминги бийиктиктерди да багындырып келет

MegaCom компаниясы British Airways, EVA Air, Lufthansa, Qatar Airways, KLM Airlines сыяктуу авиалинияларынын бортунда кийин төлөнүүчү роуминг кызматынын жеткиликтүү болгондугун билдирет. Учактарда орнотулган атайын жабдуулардын жардамы менен, учуу маалында, MegaCom абоненттери коопсуз байланыш менен камсыз болуп, кызматтардын бардык түрлөрүнөн пайдалана алышат. Бул учурда мобилдик номур өзгөртүүсүз калат.

Мындан тышкары, абоненттерибиз Orange Mali (Мали) тармагында кийин төлөнүүчү роуминг аркылуу үн байланышы жана SMS алмашуу кызматтарынан, Vinaphone (Вьетнам) тармагында «GPRS-роуминг» аркылуу Интернеттен пайдалана алышат. Малиде болуу менен, Orange Mali операторунун тармагынын роумингинде эң биринчи болуп чалуу аткарган абонент автоматтык түрдө «Алгачкы ачуучу » акциясынын катышуучусу болуп, 30 күн ичинде колдонууга мүмкүн болгон түйүн ичиндеги 100 мүнөткө жана интернет-трафиктин 100 мегабайтына акысыз ээ болот!

Роуминг кызматтарын кошуу үчүн MegaComдун Сатуу жана тейлөө борборлорунун бирине кайрылсаңыз болот. MegaCom роуминги аракетте болгон багыттардын толук тизмеси менен компаниянын сайтынан тааныша аласыз.

MegaCom роуминги - чексиз баарлашуунун кеңири мүмкүнчүлүгү!

Сунушталган кызматтар

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы