Перейти на новый сайт

MegaCom: 3D техникасын колдонуу менен тартылган алгачкы мультфильм

MegaCom: 3D техникасын колдонуу менен тартылган алгачкы мультфильм

Билим күнүн утурлай MegaCom компаниясы мекенибиздин келечеги болгон жаш жеткинчектерге жана алардын ата-энелерине өзгөчө белекти-3D техникасын колдонуу менен Кыргызстанда алгачкы жолу тартылган мультсериалды тартуулады. Мультфильм телекоммуникация тууралуу болмокчу.

10 сериядан турган кызыктуу анимациялык фильмде башкы каарман Акылбектин башынан өткөргөн укмуштуу окуялары тууралуу баяндалат. Акылбек өзүнүн виртуалдык досу Билимбек менен кибермейкиндикте саякаттап, кичине көрүүчүлөрдү гана эмес алардын апаларын, аталарын, чоң аталарын, чоң апаларын кызыктырган суроолорго жооп издешет. Уюлдук байланыш кандай принциптер менен иштейт, алгачкы мобилдик телефон жана базалык станциялар качан пайда болгон, мобилдик шылуундуктан өзүңдү жана өз жакындарыңды кандайча коргоп калууга болот деген сыяктуу татаал суроолорго эң жөнөкөй жол менен жооп алууга болот.

«Уюлдук байланышсыз өз жашообузду элестете албай турган маалымат технологиялар заманында там-туң баскан бөбөктөрүбүз да бүгүнкү күндүн талабына шайкеш кадам шилтешет. Мобилдик түзмөктөр жөнүндө түшүнүктөр алардын ички туюмунда калыптанып калгандай. Ата-энелер болсо өз кезегинде балдарын түрдүү гаджеттерди колдонуу тарбиялап, алардын ар тараптуу калыптанышына өзгөчө маани беришет. 5 жашка чыккан бөбөк тач-скрин менен колдонуп, интернет ааламын аралап, оюндарды жана мультфильмдерди таба алат. Бирок, бул көрүнүшкө башкача өңүттөн көз салып көрөлүчү. Бөбөктөрдүн телефонду колдонууда коопсуздук эрежелерин сактай алышпагандыгы баарыбызды тынчсыздандырат. Мультфильмди жаратуудагы негизги максатыбыз каармандарыбыз аркылуу ушул суроолорду чечмелеп берүү», - деп белгилей кетти өз маегинде MegaCom компаниясынын PR жана Жарнама Департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Кыргыз жана орус тилдериндеги окуп-үйрөтүү максатын көздөгөн бул саамалык MegaCom компаниясынын «Мобилдик сабаттуулук сабактары» билим берүү долбоорунун алкагында тартылган. Фильмди аниматорлордун, сүрөтчүлөрдүн, сценаристтердин, психологдордун жана композиторлордон кесипкөй тобу жаратышкан. Мындан тышкары, анимациялык фильмди тартууга 5 жаштан 12 жашка чейинки курактагы кыздар-балдар катышып, алар каармандарды, алардын ысымдарын жана кийимдерин тандоого көмөк көрсөтүп жатышты. Алгачкылардан болуп мультсериалды «Mega Билим» долбооруна катышкан мектептердин окуучулары көрүшөт.

Көп сериялуу мультфильм жакын арада республикалык, облустук телеканалдарда жана белгилүү интернет-порталдарда көрсөтүлө баштамакчы.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы