Перейти на новый сайт

MegaCom Таиландда жана Бермуд аралдарында GSM жана GPRS/3G-роуминг кызматтарын ишке киргизди

MegaCom Таиландда жана Бермуд аралдарында GSM жана GPRS/3G-роуминг кызматтарын ишке киргизди

MegaCom компаниясынын GSM жана GPRS/3G-роуминги үзгүлтүксүз кулач жаюуда. Эми компаниянын абоненттери DTAC TriNet (Таиланд) жана CellOne (Бермуд аралдары) өнөктөштөрүнүн тармактарында үн байланыш жана интернет кызматтарынан пайдалана алышат.

«GPRS-роуминг» кызматынын жардамы менен, Таиландга жана Бермуд аралдарына саякат жасаган абоненттер мобилдик интернет аркылуу сүйүктүү сайттарга кирүү, электрондук почтаны текшерүү, белгилүү социалдык тармактарда баарлашуу жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

Роуминг кызматын кошуу үчүн MegaCom компаниясынын каалаган Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун бирине кайрылуу зарыл. MegaCom роуминги менен пайдаланууга мүмкүн болгон багыттардын толук тизмеси менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

Көңүл буруңуз: Бермуд аралдарындагы CellOne операторунун тармагындагы роуминг аркылуу алгач жолу чалуу аткарган абонент автоматтык түрдө «Алгачкы ачуучу» акциясынын катышуучусу катары, түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон 100 мүнөт жана 100 мегабайт интернет трафикти 30 күнгө акысыз ала алат.
 

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы