Перейти на новый сайт

Жакында Кыргызстанда алгачкы жолу Көчмөндөрдүн I Дүйнөлүк Оюндары өтмөкчү

Жакында Кыргызстанда алгачкы жолу Көчмөндөрдүн I Дүйнөлүк Оюндары өтмөкчү

Бул саамалыкты колдогон  уюлдук оператор оюнду өткөрүүнун расмий өнөктөшү болду. Иш-чара жергебиздин бермети болгон көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарынын ат майданында жана «Рух-Ордо» маданий борборунун аймагында өткөрүлөт.

Оюнду уюштуруучулардын тобу мобилдик оператор катары Команда, задействованная в организации Игр, выбрала своим мобильным оператором MegaComду тандады. Байланыш оператору иш-чаранын уюштуруучуларын ишенимдүү мобилдик байланыш жана интернет менен камсыз кылмакчы. ”Көп түкүрсө көл болот” демекчи, Президентибиздин эгидасы менен ишке ашырыла турган долбоорго ар тараптуу жардамдар көрсөтүлүп жатат. MegaCom компаниясынын техникалык адистери тарабынан тармактын сыйымдуулугун арттыруу боюнча бир катар иштер жасалып, жаңы базалык станциялар орнотулду. Мындай алгылыктуу аракеттер өз кезегинде Көчмөндөрдүн I Дүйнөлүк Оюндарынын катышуучуларын жана меймандарын мыкты сапаттагы байланыш менен камсыз кылуунун өбөлгөсү болмокчу.

Эске сала кетчу жагдай, Көчмөндөрдүн I Дүйнөлүк Оюндары улуттук оюндарды өнүктүрүү, өлкөбүздүн туристтик тармагынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөп, сергек жашоону жайылтууга багытталган. 12ден ашуун КМШ өлкөсүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген өкүлдөр өзгөчөлүгү жана ажайыптыгы менен айырмаланган көчмөндөрдүн канына сиңген улуттук оюндардын түрлөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештерге катышат. Кыргызстан мындай мүнөздөгү эл аралык долбоордун демилгечиси жана ЭТНОспорттун жайылтуучусу катары дүйнө элинин назарында болмокчу.

MegaCom – түрк тилдүү элдердин маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү үчүн!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы