Перейти на новый сайт
MegaComдун Nitro интернет-топтомдору менен сүйүктүү сайттарды көз ачып-жумгуча баракта

MegaComдун Nitro интернет-топтомдору менен сүйүктүү сайттарды көз ачып-жумгуча баракта

MegaCom Nitro интернет-топтомдорунун сериясын ишке киргизди. Аталган топтомдор менен түнкүсүн ылдамдыкты чектөөсүз колдонууга болот. Интернет-трафиктин көлөмү 200 МБ, 500 МБ жана 1 ГБ болгон жаңы топтомдор обондорду жүктөп алууга, видео көрүүгө жана социалдык түйүндөрдө түн жарымынан таңга чейин баарлашууга шарт түзөт.


«Көпчүлүк абоненттерибиз убактысынын тардыгынан мобилдик Интернет менен күндүз колдоно алышпайт. «Чексиз интернет», «Чексиз интернет 100» жана «Unlim 24» тарифтеринин мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши түнкү убактысын Интернет желесине саякаттоо менен өткөргөндөр үчүн ыңгайлуу», - деп белгилей кетти Маркетинг департаментинин жетекчиси Мирлан Карабукаев.

Nitro опциясын кыска буйруулардын жардамы менен кошууга болот. Көлөмдөрү 200 МБ- 19 сом, 500 МБ -49 сом жана 1 ГБ-69 сом болгон топтомдор аркылуу абоненттер чексиз, ыкчам, мобилдик Интернет менен түн жарымынан эртең мененки саат сегизге чейин колдоно алышат. Толук маалымат компаниянын www.megacom.kg сайтында жайгаштырылган. Топтомдогу жеткиликтүү мегабайттардын санын *505#буйруусун терүү аркылуу текшерүүгө болот. Nitro сериясындагы топтомдор абоненттердин мүдөөлөрүнө шайкеш келет жана аны кошуп алуу оңой.

Nitro интернет-топтомдору - түнкү Интернет көз-ачып жумгуча!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы