Перейти на новый сайт

MegaCom: Akcent тобунун концертине чакыруу утуп ал

MegaCom: Akcent тобунун концертине чакыруу утуп ал

MegaCom компаниясы, эртең 26-июлда, XS түнкү клубунда («Кыргызское взморье» пансионаты) өтө турган, Akcent белгилүү тобунун шоу концертине чакыруу билетин утуп алуу уникалдуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Конкурска катышуу үчүн Instagram социалдык тармагындагы MegaCom компаниясынын баракчасына жазылуу жана Akcent тобунун каалаган ырына тиешелүү болгон селфи жасап, аны #akcent_megamusickg белгиси жана “@megacomkg конкурсунда катышам” түшүндүрмөсү менен өзүңүздүн баракчаңызга жайгаштыруу зарыл. Конкурска бардык каалоочулар катыша алышат.

 

Жеңүүчүлөр “мага жакты” белгилеринин саны боюнча добуш берүү жолу менен 26-июлда саат 12:00дө аныкталат.

“МегаЖай” акциясынын алкагындагы румыниялык топтун Ысык-Көлдөгү шоу-концерти, 2014-жылдагы куумжээк мезгилинин эстен кеткис музыкалык окуясы экени шексиз. Аткаруучулар өздөрүнүн Jokero, Stay With Me жана That’s My Name аттуу белгилүү хиттерин күйөрмандарына тартуулашат.

Ал эми, компаниянын MegaMusic кызматы аркылуу Akcent тобунун хиттерин угууга жана дагы жөнөкөй чакырыктын ордуна коюуга болот.

Конкурска жигердүү катышып, жайкы ысык күндөрүңүздү MegaCom компаниясынын сергиткен музыкалык драйвы жана позитиви менен өткөрүңүз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы