Перейти на новый сайт

MegaCom: Opera Mini менен трафик жөнүндө унутуңуз

MegaCom: Opera Mini менен трафик жөнүндө унутуңуз

MegaCom компаниясы, абоненттерге белгилүү Opera Mini браузери аркылуу, эч кандай чектөөлөрсүз интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк түзгөн, «Opera Mini менен Чексиз Интернет» тарифтик опциясы ишке киргизилгендигин билдирет.

Аталган жаңы опция – дүйнөдөгү популярдуу жана абдан ыңгайлуу Opera Mini браузеринин сүйүүчүлөрү үчүн атайын иштелип чыккан.

Трафик чектөөлөрү каралбаган, «Opera Mini менен Чексиз Интернет» тарифтик опциясынын жардамы менен, күнүмдүк 5 сом төлөмү аркылуу интернетте маалымат алмашууга, издөөгө жана жазышууга болот.

Опциядан пайдалануу үчүн AppStore (iOS үчүн), Play Market (Android үчүн) онлайн дүкөндөрүнөн Opera Mini браузерин мобилдик түзмөккө жүктөп алуу зарыл. Опцияны *750*1# USSD-сурамын терүү же 750 номуруна 1 текстин камтыган SMS-билдирүүнү жөнөтүү аркылуу кошууга болот.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы