Перейти на новый сайт
MegaCom абоненттери үчүн балансты толуктоо кызмат баасы жогорулабайт

MegaCom абоненттери үчүн балансты толуктоо кызмат баасы жогорулабайт

MegaCom мобилдик байланыш оператору, өзүнүн туруктуу нарк саясаты сактала тургандыгын билдирет.

Акыркы убакытта, балансты толуктоо комиссиясынын өлчөмү 5тен 8-10 сомго чейин жеткен фактылар катталууда. MegaCom абоненттери үчүн төлөмдөрдү аткаруудагы комиссиянын өлчөмү 5 сомдон ашпайт, ал эми компаниянын сатуу жана тейлөө борборлорунда, фирмалык салондорунда балансты комиссиясыз толтурууга болот. Эске сала кетсек 2013-жылы мамлекет тарабынан сатуу салыгынын өлчөмү 2ден 5 пайызга чейин жогорулаганына карабастан, MegaCom абоненттери үчүн эч кандай таасир берген эмес.

«MegaCom компаниясы абоненттердин мүдөөлөрүн биринчи орунга койгон, кардар таламдуу оператор катары таанымал болгону өзгөчө кубандырат. Компания салыктарга болгон чыгашалардын ордун өзүнүн ички резервдеринен толтуруп, баалардын туруктуулугун камсыздап келет. Бул чечим лоялдуулук программасынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет », – деп белгиледи, MegaCom компаниясынын корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

MegaCom абоненттери балансты комиссиясыз толуктоо тургандыгы жөнүндө маалымат:
• «Народный» дүкөндөр түйүндөрүндө (өлкө ичинде 71) орнотулган брендделген терминалдар аркылуу;
• Өлкөбүздөгү компаниянын бардык Тейлөө борборлорунда жана Фирмалык салондорунда, алардын саны бүгүнкү күндө 80ден ашуун жана күн санап өсүүдө;
Төлөм терминалдары, GeoPay, «Элсом», «Мобильник» электрондук капчыктары аркылуу.
• Кыргыз почтасы байланыш бөлүмдөрүндө;
• Оптима Visa, Элкарт жана «Дос-Кредобанк» карталарынын ээлери үчүн «Оптима» банкынын филиалдары, терминалдары жана сактык кассалары аркылуу.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы