Перейти на новый сайт

MegaCom 2013-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

MegaCom 2013-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

«Альфа Телеком» ЖАК өткөн жылдын каржылык жыйынтыктарын чыгарды. Каржылык көрсөткүчтөргө сереп салсак, компаниянын ишмердүүлүгүндө туруктуу өсүш ачык байкалып турат. Бул болсо өз кезегинде, өлкөнүн өнүгүүсүн көз жаздымда калтырбастан байма-бай салым кошуп турууну жана абоненттерге ыңгайлуу жана алардын мүдөөсүнө шайкеш келген кызматтарды көрсөтүүнү шарттайт. Бул тууралуу кечээ болуп өткөн пресс-конференцияда улуттук мобилдик байланыш операторунун башкы директору Азат Базаркулов баяндады. Компаниянын кесипкөй адистери 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыктары боюнча баяндама берүү менен гана чектелбестен, ММКнын алдыңкы журналисттерине MegaCom компаниясынын өнүгүү перспективалары, техникалык багыттагы өсүшү жана жаңы тенденциялары тууралуу кеңири айтып беришти.

Мобилдик Интернеттин өнүгүшүнө жана ылдамдыгына басым жасоо.

Бүгүнкү күндө мобилдик интернет кошумча кызмат гана болбостон, оператордун ишмердүүлүгүнүн негизги багыты болуп калды десек жаңылышпайбыз. Сөзүбүзгө аралжы, абоненттерибиздин 20пайыздан ашууну жогорку ылдамдыктагы интернет кызматтарынан колдонуп келүудө. 2013-жылы абоненттер тарабынан жүктөлүп алынган жана берилген маалыматтын мобилдик трафигинин жалпы көлөмү интернет трафиктин бир петабайтынан ашты, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп дегенди билдирет.

Техникалык өнүгүү: 2G-ден LTE-ге чейин.

2013-жылы Кыргыз Республиканын калк жайгашкан аймагынын 50 пайызы MegaCom 3,75G байланыш түйүнү менен капталган. 3,75G технологиясын ишке киргизүү менен бирге, 2013-жылы MegaCom, үчүнчү муундагы бардык базалык станцияларды IP-технологиясына өткөрүү долбоорун аяктаган. Аткарылган иштер, тармактын маалыматты өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече ирет көбөйтүү менен 4G LTE тармагын ишке киргизүүгө негиз болууда.

Туруктуу нарк саясаты.

2013-жылда өлкөбүздөгү бардык уюлдук операторлор СС наркын 2пайыздан 5 пайызга чейин жогорулаткандыгына карабастан, MegaCom абоненттери үчүн таасир берген эмес. Мындан тышкары, ММКдагы акыркы маалыматтарга карабастан, MegaCom абоненттери үчүн төлөмдөрдү аткаруу наркы өзгөрүлгөн эмес. MegaCom абоненттери үчүн мобилдик эсептин балансын толуктоо мурдагыдай эле 5 сомдон көп эмес.

«MegaCom компаниясы абоненттердин мүдөөлөрүн биринчи орунга койгон, кардар таламдуу оператор катары таанымал. Өнөктөштөр менен байма-бай тажрыйба алмашып турабыз. Заманбап келечекке арыш таштап өнүгүү жолундабыз. Компания абоненттерине мобилдик кызматтарды жана ыңгайлуу тарифтик пландарды сунуштап, жогорку сапаттагы тейлөөнү, туруктуу мобилдик байланыш жана маркетингдик кызматтардын кошумча топтомдорун тартуулап келет», – деп белгиледи, А.Базаркулов.

Пресс-конференциянын жыйынтыгында А.Базаркулов, абоненттерди персонификациялоо мамлекеттик демилгесинин алкагында MegaCom абоненттерин өз SIM-карталарын каттоодон өткөрүүгө чакырды.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы