Перейти на новый сайт

MegaCom абоненттери МТС (Россия) жана Turkcell (Түркия) тармактарында алдын ала төлөнүүчү роуминг кызматынан пайдалана алышат.

MegaCom абоненттери МТС (Россия) жана Turkcell (Түркия) тармактарында алдын ала төлөнүүчү роуминг кызматынан пайдалана алышат.

MegaCom 2014-жылдын 3-апрелинен тарта Россиянын МТС жана Түркиянын TURKCELL байланыш тармактарында «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматынын ишке киргизилгендиги тууралуу маалымдайт.

Россия жана Түркия өлкөлөрүнүн байланыш операторлору MegaCom абоненттери көп колдонгон маанилүү багыттардын катарына кирет. Түркия акыркы жылдары мекендештерибиздин сүймөнчүлүгүнө айланган эс алуу жайлары менен өзгөчөлөнсө, ал эми Россияда бүгүнкү күндө жарым миллиондон ашуун кыргызстандыктар жашап жана эмгектенип жатышат. MegaCom’дон «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» - абоненттер чет өлкөлөрдө жүргөндө да дайым байланышта болуу мүмкүнчүлүгү.

Эгерде Сиз жергиликтүү байланыш операторунун SIM-картасын алып, жүргөн өлкөңүздө телефонуңузду жана анын IMEI номурун каттатуу сыяктуу бир катар бюрократиялык процедуралардан өтүүнү каалабасаңыз, MegaCom’дун «Алдын ала төлөнүүчү роуминг» кызматынан колдонуңуз.

Алдын ала төлөө формасында тейленген абоненттер балансы оң абалда болгон шартта, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Армения, Белоруссия, Түркия, БАЭ жана Италия өлкөлөрүндө жөнөкөй жана ыңгайлуу байланыш кызматтарынан пайдалана алышат. Роумингдеги үн чалуулардын жана SMS-билдирүүлөрдүн онлайн тарифтөөсү, MegaCom абоненттерине өз балансын чыныгы убакыт режиминде жана суткасына 24 саат, жумасына 7 күн байланышта болуп, өз эсебиндеги каражаттарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

Алдын ала төлөнүүчү роуминг кызматы тууралуу маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы