Перейти на новый сайт

«Улуу Жеңиш!» SMS-марафону

MegaCom: «Улуу Жеңиш!» SMS-марафону башталды

Жеңиш майрамын утурлай, MegaCom өзүнүн «Улуу Жеңиш!» SMS- баштады. SMS-марафонго катышуу менен, Сиз Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарын колдоого өз салымыңызды кошуп, ачык асман алдындагы бейпил турмушту тартуулаганы үчүн таазим кыла аласыз. 1945 кыска номуруна каалагандай текстти камтыган SMS жөнөтүү менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам катары 20 сом (салыктардын бардыгын эсепке алганда) которо аласыз.

Салтка айланып калган акция согуштун ардагерлерин колдоо максатында уюштурулуп келет жана 2014-жылдын 9-майына чейин созулат.

«2013-жылы кыргызстандыктар тарабынан жөнөтүлгөн миңдеген SMSтердин эсебинен 509 538 сом, Даңк, «Кызыл жылдыз» ордендеринин кавалерлерине, Эрдик жана Күжүрмөндүк үчүн медалдарынын ээлери болгон ардагерлерибизге, КРдин Коргоо министрлигинин мобилизациялык башкармалыгы тарабынан берилген тизмеге ылайык тең бөлүнүп берилгендигин айта кетейин. Мезгил өткөн сайын кыргызстандык согуш ардагерлеринин катары кемип, алардын жан аябаган эрдигине таазим кылуу убактысы да азайып келет. SMS-марафондун алкагында топтолгон акча каражаты толугу менен ардагерлерге даректүү материалдык жардам көрсөтүүгө жумшалат. Жыйынтык компаниянын расмий сайтындагы акциялар жөнүндөгү атайын бөлүмүндө жарыяланат», - деп билдирди, MegaCom компаниясынын корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында, согуш ардагерлерине жана оорук эмгекчилерине байма-бай колдоо көрсөтүп келет. Жыл сайын, компания тарабынан, Жеңиш Күнүнүн урматына өлкөбүздөгү 1000 согуш ардагерине жардам катары 4 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилип турат. Согуш ардагерлеринин жана оорук эмгекчилеринин тизмеси КРдин Коргоо министрлиги жана КРдин Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан берилет.
MegaCom согуш ардагерлерин жылда колдоп келген абоненттерге терең ыраазычылык билдирет жана Сиздер колдоо көрсөтүү жөрөлгөсүн улантат деп ишенет!

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы