Перейти на новый сайт

MegaCom «Мобилдик ТВ» кызматын жакшыртуу иштерин жүргүздү

MegaCom «Мобилдик ТВ» кызматын жакшыртуу иштерин жүргүздү

Кошумча кызматтарды киргизүү боюнча мобилдик байланыш тармагынын лидери – MegaCom компаниясы, «MegaCom’дон OnlineTV» колдонмосун түзмөккө орнотуу жеңилдетилгендигин билдирет. Эми Android пайдалануучулары кошумча плагиндерди жүктөбөстөн, аталган мобилдик колдонмо аркылуу сүйүктүү телекөрсөтүүлөрдү, жаңылыктар чыгарылышын жана башка телеберүүлөрдү көрө алышат.

Видеоконтентти көрүүнү шарттаган Android үчүн атайын колдонмо төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт: мобилдик телефонду чөнтөк сыналгы катары пайдаланып, телекөрсөтүүлөрдү онлайн режиминде көрүү; колдонмонун тилин (кыргыз же орус) тандоо; көрүү сапатын тандоо функциясы аркылуу интернет-трафикти үнөмдөө; түз берүүлөрдү көрүү маалында “тыныгууга” коюу; телекөрсөтүүлөрдү көрүү үчүн Wi-Fi тармактарын пайдалануу (бул учурда интернет-трафик провайдердин шарттары боюнча тарифтелет).

Кызматты акысыз тескөө үчүн *110*1# буйруусун терүү же 110 кыска номуруна «1» текстин камтыган SMS-билдирүү жөнөтүү зарыл. Жооп катары келген билдирүүдөгү шилтеме боюнча өтүп, колдонмону жүктөп алуу жана авторизациялык кодду киргизүү керек. Тескөө аяктады!

Ал эми iOS операциялык системасынын пайдалануучулары үчүн колдонмонун бардык мүмкүнчүлүктөрүн камтыган www.onlinetv.kg сайты аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгү каралган.

«MegaCom’дон OnlineTV» кызматынан пайдалануу бир күнгө 3 сомду түзөт. Мобилдик сыналгыны көрүүдө сарпталган трафик абоненттин тарифтик планынын, номурунда кошулган топтомдордун жана опциялардын шарттарына ылайык тарифтелет. Көрүүгө мүмкүн болгон телеканалдар жана кызмат тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы