Перейти на новый сайт

MegaCom – мобилдик интернетке оптималдуу тарифтер

MegaCom – мобилдик интернетке оптималдуу тарифтер

Телекоммуникация тармагындагы «Маалымат коому» коомдук фондунун эксперттеринин баяндамасында , кечээ жакында, эле сөз болгондой, MegaCom компаниясы мобилдик интернетти өнүгүшүнө сарамжалдуу жана ырааттуу мамиле жасап, уюлдук оператор тарабынан сунушталып келе жаткан тарифтер эң ыңгайлуу деп табылган. Изилдөөчүлөр оператордун ылдамдыгы чектелбеген, лимитсиз тарифтер түркүмүнө кошулган трафиктин эбегейсиз көлөмүн дагы баса белгилешти.

Жакын арада компания тарабынан жаңы кызматтар ишке киргизилмекчи. Интернеттен пайдалануу үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу тарифти азыртадан эле өзүңүзгө тандап алсаңыз болот. Компаниянын эксперттеринин алгылыктуу кеңештери Сизге жардамга келет. Алгач, Сиз дайым пайдаланып жүргөн трафиктин көлөмүн билип алууңуз зарыл: аталган маалымат төмөнкү буйруулар аркылуу жеткиликтүү *080*3# - өткөн айдагы чыгашалар тууралуу толук маалымат, же *081*3# - үстүбүздөгү айдагы чыгашалар тууралуу толук маалымат.

Айына 50 Мегабайтка чейин WhatsApp, WeChat сыяктуу программалары аркылуу билдирүүлөр менен алмашуу үчүн жетиштүү. Бул учурда Жеткиликтүү интернет, Интернет Топтому 35+ же Интернет Топтому 60+ сыяктуу мегабайттык төлөм опциялары ылайыктуу болот. Сизден пайдаланылган трафик үчүн гана төлөм алынат жана айлык аванс алынуучу чектелбеген тарифтерге салыштырмалуу, каражаттарыңызды үнөмдөй аласыз. Чыгымдар айына 50дөн 80 сомго чейин болот.

Айына 50дөн 100 Мб-га чейинки трафик социалдык тармактарга кирүү үчүн жетиштүү. Бул үчүн Интернет Топтому 125+, Интернет Топтому 300+ MegaCom топтомдук сунуштары ыңгайлуу келет. Топтомдордун наркы 150дөн 320 сомго чейин.

Жаңылык жана тематикалык сайттарды көрүү үчүн айына 100дөн 500 Мб-га чейин жетиштүү болот. Айына 155 сом менен Inside 500 топтомун же айына 600 сом аркылуу Чексиз Интернет тарифтик опциясын пайдалануу сунушталат.

Колдонмолорду жаңыртуу жана YouTube-дан роликтерди көрүү үчүн айына 500 Мб-дан жогору жетиштүү. Сунуш: Inside 2 Гб же Чексиз Интернет 100. Аталган сунуштардын наркы айына 395тен 900 сомго чейин.

Ал эми, Чексиз Интернет жана Чексиз Интернет 100 тарифтик опцияларынын наркы күнүнө 19,5тен 30 сомго чейин. Абонент топтомдогу чектен ашып, көбүрөөк сарптап алуудан кам санабай эле койсо болот.

Интернетти бир нече саат же бир күн бою колдонгон учурларда Unlim 24 жаңы сунушунан пайдаланыңыз. Ыңгайлуу сунуштун наркы 24 саатка болгону 25 сом.

Эгерде Сиз бонустук программанын катышуучусу болсоңуз, топтолгон упайларды жагымдуу акысыз бонустарга (400 мүнөткө чейин түйүн ичиндеги акысыз чалуулар, 400 Мб-га чейин акысыз мегабайттар жана 600 SMSке чейин түйүн ичиндеги акысыз SMSке) алмаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эсиңизден чыгарбаңыз!

MegaCom компаниясынын топтомдору жана тарифтик опцияларын айкалыштыруу менен ар бир абонент өзүнө ыңгайлуу жана төмөнкү нарктагы тарифтик планды түзүп алса болот. Кызматтардын түрлөрүн кошуу үчүн *500 (чалуу акысыз) номуруна чалыңыз. Компаниянын тарифтери жана кызматтары тууралуу толук маалымат www.megacom.kg.
сайтында жайгаштырылган.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы