Перейти на новый сайт
MegaCom абоненттерине романтикалык маанай тартуулайт

MegaCom абоненттерине романтикалык маанай тартуулайт

MegaCom компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунда майрамдык маанай өкүм сүрүүдө. Компания кеңселеринин демейдегиден өзгөчө кооздолгондугу буга кубө болгондой. Улуттук уюлдук оператордун “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” жамааты өз абоненттерине жагымдуу маанай тартуулоонун аракетинде.

Досторуң менен жакындарыңа кубаныч тартуулоонун түрдүү жолу бар. Маселен, «Сүйүктүү номур» тарифтик опциясын кошуп, сүйүктүүлөр менен 2 эсе арзан баарлашуу, ал эми «Бактылуу номур» тарифтик опциясын кошуу менен күнүнө акысыз баарлашуунун 120 мүнөтүнө ээ болуу. Же болбосо, www.megamusic.kg. сайтына кирип же *700#обондун коду# чакыруу кыска USSD-буйруусунун жардамы менен обон түрүндөгү жагымдуу белек тартуулоого эмне үчүн болбосун.

Акыркы сурамжылоолорго таянсак, майрамда тартуулануучу белектердин көч башында мобилдик түзмөктөрдүн тургандыгы далилденди. Демек, европалык Prestigio брендинин смартфону же планшети жана Huawei смартфондору майрамга карата мыкты белек болору шексиз.

«MegaCom компаниясынын сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан ыңгайлуу баада заманбап смартфондорду сатып алуу менен, пайдалануучулар «559» тарифтик планын камтыган SIM-картаны ала алышат!» -деп кошумчалай кетти, тейлөө бөлүмүнүн жетекчиси Зарема Кулубаева.

Өзүңүзгө жана досторуңузга майрамдык маанай тартуулап, MegaCom менен бирге көбүрөөк баарлашыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы