Перейти на новый сайт
MegaCom GPRS жана 3G-роуминги Telecom Italia операторунун тармагында пайда болду

MegaCom GPRS жана 3G-роуминги Telecom Italia операторунун тармагында пайда болду

MegaCom уюлдук оператору «GPRS-роуминг» кызматынын жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кубаныч менен өз абоненттерине билдирет. 2014-жылдын 12-февралынан тарта, компания Италиянын Telecom Italia операторунун 3G тармагында «GPRS-роуминг» кызматын ишке киргизген.

Аталган кызмат MegaCom абоненттерине жакындарына жана кесиптештерине чалуу гана эмес, 3G ылдамдыгында өнөктөштүн тармагында мобилдик интернет, WAP жана MMS кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Эми роумингдеги MegaCom абоненттери «GPRS-роуминг» кызматы менен дайым байланышта жана чынында мобилдүү болуп, үй тармагында жеткиликтүү болгон кызматтардан, өнөктөштөрдүн тармактарында да пайдалана алышат.

MegaCom компаниясы роумингдеги үн байланыш жана заманбап мобилдик кызматтары сунушталган чет өлкөлүк операторлордун тизмесин күн санап көбөйтүүдө. Кызматтардын тарифтери менен MegaComдун Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан жана компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

MegaCom GPRS-роумингин кошуп, өзүңүзгө мобилдик интернеттин чексиз мейкиндигин ачыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы