Перейти на новый сайт
MegaCom: 3G жети дубанды кучагына алды

MegaCom: 3G жети дубанды кучагына алды

MegaCom үчүнчү муун байланышын жайылтып келет. Бул максатта, кошумча жабдуулар орнотулуп, алгылыктуу иш-аракеттер аткарылууда. Өткөн айда эле, компаниянын техникалык дирекциясынын күчү менен төмөнкү аймактарда 3G стандартындагы базалык станциялар орнотулду.

  • Талас облусунун Покровка айылында жана Талас шаарында;
  • Жалал-Абад облусунун Масадан, Нарын, Кызыл-Жар, Ак-Коргон, Ала-Бука айылдарында «Иштамберди» кен өндүрүүчү жайында, Кербен шаарында;
  • Ош облусунун Большевик, Монок, Киров айылдарында жана Ноокат шаарында;
  • Нарын облусунун Орто-Саз, Казан-Куйган, Жергетал, Эчки-Башы, Миң-Булак, Куланак, Ат-Башы, Казыбек, Ак-Талаа (Калинин атындагы), Ак-Муз, Чаек, Куйручук айылдарында;
  • Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылында;
  • Чүй облусунун Степное, Алтын, Сокулук, Беловодское айылдарында жана Кара-Балта, Шопоков шаарчаларында, «Jannat Resort» отели жана «Ала-Арча» альпинисттик лагери,«ЗИЛ», «Орловка» тоо лыжа базалары жана «Таатан» Соода Борбору .

Бүгүнкү күндө, көптөгөн шаарлардын жана калктуу конуштардын тургундарына MegaCom алгачкы уюлдук оператор катары таанымал болсо, бир катар айыл-кыштактарда байланыш кызматын көрсөткөн бирден-бир мобилдик оператор бойдон калууда. MegaComдун 3G түйүнү Кыргызстандын 50 пайыздан ашуун аймагын кучагына алды. Компаниянын абоненттери MegaCom 3G түйүнү каптаган аймактарда, ылдамдыгы боюнча катталган байланыш операторлорунун кең тилкелүү мобилдик Интернети сыяктуу эле жогорку ылдамдыктагы интернеттен пайдалана алышат. Бул өз кезегинде, маалымат алмашууларды ыкчам ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, мультимедиялык контентти ыкчам жүктөө, ыңгайлуу Интернет-браузинг, электрондук почтаны, файлдык колдонмолорду жана видео агымын көрүү.

Аткарылып жаткан иштер, зымдуу Интернет менен жабдылбаган шаарлардын жана айылдардын тургундарына жаңы технологияларды баамдоого жана дүйнөлүк желедеги ресурстарга жетки алууга шарт түзүүдө. MegaCom 3G түйүнү Кыргызстандын 30дан ашуун шаарларында жана калктуу конуштарында жеткиликтүү. Бардык түйүндөр HSPA+ технологиясын колдойт жана абоненттерге секундасына 21 Мбит ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт. 3G кызматтары менен пайдалануу үчүн абонентке 3G стандартын колдогон, GPRS кызматына кошулган жана MegaCom 3G түйүнүнүн каптоо аймагында жайгашкан телефондун же модемдин болушу жетиштүү.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы