Перейти на новый сайт
MegaCom Борбор Азияда маалымат -байланыш технологияларын өнүктүрүү боюнча видеоконференцияга катышты.

MegaCom Борбор Азияда маалымат -байланыш технологияларын өнүктүрүү боюнча видеоконференцияга катышты.

«МБТга жетки жана аны колдонуу» деп аталган эл аралык видеоконференцияга Бишкек, Алматы, Астана жана Дүйшөмбү шаарларындагы маалымат -байланыш технологиялар тармагына тиешеси бар адистер катышты. MegaCom компаниясынын адистери «Mega Билим» долбоору тууралуу кеңири баяндама жасашты.

«Коммерциялык түзүмдүн айыл мектептерин коимпьютерлештирүү демилгесин көтөрүп чыгып, аны ийгиликтүү ишке ашырып келе жаткандыгын өз мисалында Кыргызстанда алгачкылардан болуп MegaCom көрсөтө алды. 2013-жылы долбоордун биринчи этабы аяктап, анын алкагында мекенибиздин мектептеринин 7 пайызында «Mega Билим» компютердик класстары ачылды. Башкача айтканда, жети ак түстөгү компьютерди , атайын эмеректи жана MegaCom USB-модемин өз ичине камтыган класстар өлкөбүздүн 143 мектебинде ачылды», - деп билдирди MegaCom компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы адиси Жумгалбек Өмүрканов.

Иш-чаранын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын социалдык өнүгүү маселелери боюнча адиси Дженнифер Шкабатур белгилегендей, коомчулугубуздун калың катмары санарип жабдуусун колдонууну үйрөнмөйүнчө МБТга байланыштуу демилгелерди жайылтуу мүмкүн болбой тургандыгы белгилүү. Ошондуктан санарип технологиясын өнүктүрүү багытындагы иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу абдан маанилүү. MegaCom компаниясы да өз кезегинде семинарларды жана тренигдерди өткөрүүгө зор маани берип келет. «Mega Билимдин» мектептеринин информатика мугалимдеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн ачылган 5 күндүк курстар, GDG Bishkek (Google Developer Group) тобунун мүчөлөрү менен бирдикте IT-адистери үчүн өткөрүлүп туруучу хакатондор мунун айкын мисалы. Мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын мобилдик маалыматтуулугун жогорулатуу, базалык станциялар, электромагниттик толкундардын нурлануусу, мобилдик жүрүм-турум , мобилдик алдамчылык боюнча маалымат берүүнү көздөп, компания «Мобилдик сабаттуулук сабактары» долбоорун ишке киргизди. Долбоордун бетачары менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы