Перейти на новый сайт

MegaCom абоненттери 2013-жыл ичинде 1 петабайттан ашык мобилдик трафиктен пайдаланышкан

MegaCom абоненттери 2013-жыл ичинде 1 петабайттан ашык мобилдик трафиктен пайдаланышкан

MegaCom мобилдик байланыш оператору, 2013-жылы абоненттер тарабынан жүктөлгөн жана жөнөтүлгөн мобилдик трафиктин жалпы көлөмүн санап чыкты. Салыштырууга мурда пайдаланылып жүргөн компакт-дисктер жана 3,5 дюймдагы дискеттер алынды.

2013-жылдын январынан декабрына чейинки убакыт ичинде, MegaCom абоненттери бир петабайттан ашык мобилдик интернет-трафикти пайдаланышкан. Мындай көлөмдөгү маалыматты сактоо үчүн пайдалануучуга 24,7 тоннага жакын компакт-дисктер же 750 миллиондон ашык 3,5 дюймдагы дискеттер талап кылынмак.

2013-жылы трафик көлөмүнүн өсүүсү 3G (UMTS) стандарты аркылуу интернетке чыгууга шарт түзгөн кызматтарынын популярдуулугу менен байланыштуу. Оператордун тармагындагы WCDMA радио-интерфейс технологиясынын негизиндеги мобилдик интернеттин популярдуулугу, планшеттердин жана смартфондордун пайдалануучуларынын саны өскөнү менен байланыштуу экени шексиз. Мындан тышкары, пайдалануучулар жүргөн жерлеринде дайым жогорку ылдамдыктагы интернеттен пайдаланууну каалашат. MegaCom 3G стандартындагы жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернети мындай мүмкүнчүлүктү тартуулайт.

MegaCom Интернет-кызматтардын зор түркүмүн жана заманбап мобилдик түзмөктөрдү өз абоненттерине сунуштайт. Азыркы учурда, абоненттер арасында “Чексиз Интернет”, “Чексиз Интернет 100” жана мегабайт сайын төлөөгө мүмкүн болгон опциялар: “Жеткиликтүү интернет”, “Интернет-Топтом 35+” же “Интернет-Топтом 60+” интернет-кызматтары эң популярдуу болууда. Ылдамдыкка чектөөсүз топтомдор арасында абоненттер INSIDE түркүмүндөгү 500 Mb, 1Gb, 2Gb топтомдорун тандашат. Unlim 24 жаңы опциясы дагы абоненттердин сүймөнчүлүгүнө ээ болууда.

Бүгүнкү күндө, мобилдик интернет кошумча кызматтардын катарынан, оператор тартуулаган негизги кызматтардын катарына кире баштады. Жакынкы арада, өлкөбүздүн бардык аймактарында көптөгөн кыргызстандыктарды жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен камсыз кылуу максатында, MegaCom компаниясынын техникалык адистери, жабдууларды жакшыртуу, тармактын сыйымдуулугун жана каптоо аймагын кеңейтүү иштерин күнүгө жүргүзүүдө.

MegaCom компаниясынын 3G түйүнү Кыргыз Республикасынын калк жайгашкан аймагынын 50 пайызын каптайт. Өз кезегинде оператордун 3G базалык станцияларынын 20 пайызында, DC-HSDPA+ технологиясын активдештирүүгө жана абоненттерге интернетке секундасына 42 Мбит ылдамдыгын пайдаланууга шарт түзгөн экинчи жыштыктары ишке киргизилген. Компаниянын үчүнчү муундагы башка базалык станциялары, максималдуу ылдамдыгы секундасына 21 Мбит-ке чейин жеткен HSPA+ технологиясы боюнча иштейт. Мобилдик байланыштын сапатына кедерги болгон бир катар себептер болушу ыктымал. Бул жана компаниянын башка кызматтары тууралуу маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы