Перейти на новый сайт

OnlineTV “Бир ай абоненттик төлөмсүз” акциясы тууралуу MegaCom абоненттерине эскертүү

OnlineTV “Бир ай абоненттик төлөмсүз” акциясы тууралуу MegaCom абоненттерине эскертүү

Акыркы убакытта, белгилүү болгон “MegaCom’дон OnlineTV” кызматынан көптөгөн абоненттер пайдаланып, анын артыкчылыктарын жана ыңгайлуулугун баамдап көргөндүгү шексиз.

Алдыңкы мобилдик байланыш оператору, “Бир ай абоненттик төлөмсүз” акциясынын аракети аяктаганы тууралуу өз абоненттерине билдирет. Буга байланыштуу, 25-январдан тарта, “MegaCom’дон OnlineTV” кызматынан пайдаланган үчүн абоненттерден 3 сом өлчөмүндөгү суткалык абоненттик төлөм алына баштайт. Ал эми мобилдик сыналгыны көрүүдө сарпталган трафик, мурунку шартта абоненттин тарифтик планынын же анда кошулган топтомдордун жана опциялардын шарттары боюнча тарифтелет.

Android операциялык системасынын пайдалануучуларынын ыңгайлуулугу үчүн атайын мобилдик колдонмо иштелип чыккан. Аталган колдонмо төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт:

  • Мобилдик телефонду чөнтөк сыналгы катары пайдаланып, сүйүктүү телекөрсөтүүнү же көптөн күтүлгөн спорттук таймашты онлайн режиминде көрүү!
  • Түз берүүлөрдү көрүү маалында “тыныгууга” коюу;
  • Көрүү сапатын тандоо функциясы аркылуу интернет-трафикти үнөмдөө;
  • Колдонмодон ыңгайлуу тилди тандоо (кыргыз же орус);
  • Телекөрсөтүүлөрдү көрүү үчүн Wi-Fi тармактарын пайдалануу (бул учурда провайдердин шарттары боюнча тарифтелет).

Ал эми iOS операциялык системасынын пайдалануучулары үчүн колдонмонун бардык мүмкүнчүлүктөрүн камтыган www.onlinetv.kg сайты аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгү каралган.

“MegaCom’дон OnlineTV” кызматын акысыз тескөө үчүн *110*1# буйруусун терүү же 110 кыска номуруна «1» текстин камтыган SMS-билдирүү жөнөтүү зарыл. Көрүүгө жеткиликтүү болгон телеканалдар жана мобилдик телекөрсөтүүсүн тескөө тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы