Перейти на новый сайт

MegaComдон жаңы роуминг-багыттар

MegaComдон жаңы роуминг-багыттар

MegaCom мобилдик байланыш оператору, роуминг-өнөктөштөрдүн тармактарында Кийин төлөнүүчү жана Алдын ала төлөнүүчү роуминг кызматтарынын чөлкөмүн кеңейтүүнү ийгиликтүү улантууда.

Бүгүнкү күнү, MegaCom уюлдук операторунун абоненттери үчүн Алдын ала төлөнүүчү роуминг кызматы Kcell, TELE2 и KarTel операторлорунун тармактарында жеткиликтүү.

Мындан тышкары, Кариб аралдарындагы LIME (Ангилья, Антигуа, Барбадос, Кайман аралдары, Доминика, Гренада, Ямайка, Сент Киттс, Сент Люсия, Монсератт, Теркс жана Кайкос, Сент Винсент, Британ Виргин аралдары), Claro Chile GSM (Чили республикасы), Faroese Telecom (Фарер аралдары), Orange (Уганда), Grameenphone (Бангладеш) жана MTS (Сербия) операторлору Кийин төлөнүүчү роуминг боюнча MegaComдун өнөктөштөрүнүн санын толуктаган.

MegaCom абоненттери жакындарына белгилүү болгон өз номурун алмаштырбастан, алыскы экзотикалык өлкөлөргө саякатка жөнөп, дайым байланышта боло алышат. Ал эми, Сиздин жакындарыңыз жана досторуңуз болсо, адаттагыдай эле Сиздин номуруңузга чалуу аткара беришет. MegaCom роуминги аркылуу дүйнөнүн булуң бурчундагы көптөгөн жаңы өлкөлөрдү өзүңүзгө ачыңыз. Кызмат компаниянын бардык тарифтик пландарында көрсөтүлөт.

Роуминг кызматы көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн тизмеси менен компаниянын расмий сайтындагы (www.megacom.kg) Роуминг бөлүмүнөн билүүгө болот.

MegaCom менен саякат кылып, баарлашууну чектебеңиз!

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • Пауза

    кызматы