Перейти на новый сайт
Өлкөгө салымы арбын MegaCom: 2013-жылда аткарган иштердин жыйынтыгы

Өлкөгө салымы арбын MegaCom: 2013-жылда аткарган иштердин жыйынтыгы

MegaCom – Кыргызстандын уюлдук операторлорунун көч башындагы компания. Бүгүнкү күндө, Улуттук мобилдик оператор 2,8 миллионго жакын абонентти сапаттуу тейлеп жана байланыш сапатын мындан да жакшыртуу жана каптоо аймагын кеңейтүү максатында Кыргызстандын бардык аймактарында заманбап байланышты жайылтууда. Бүгүнкү күндө компания республикабыздын калктуу аймагын байланыш менен 95 пайызга камтыса, 2015-жылы бул көрсөткүч 100 пайызга чейин жетмекчи. Кыргызстандыктарды заманбап байланыш менен камсыз кылуудан тышкары, уюлдук оператор жеке социалдык долбоорлору менен кошо, кайрымдуулук жана демөөрчүлүк иштерине жигердүү катышып келет.

 

“Mega Билим”
Алыскы айыл мектептерин заманбап техника менен камсыз кылуу максатында ишке кирген “Mega Билим” долбоору аяктады. Жыйынтыгында республика боюнча 143 орто мектепте компьютердик класстар ачылып, долбоорго катышкан мектеп окуучулары интернет менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Долбоорго катышкан айрым мектептер “райондун мыкты мектеби” деген наамды алып, көпчүлүк окуучулар райондук жана облустук олимпиадаларда байгелик орундарга жетише алгандыгы кубандырат.

Үстүбүздөгү жылдын күз айларында “Mega Билим” долбоорунун алкагында, компания тарабынан компьютер менен камсыздалган мектептердин информатика мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында, Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте 7-9-класстардын окуучулары үчүн атайын усулдук окуу колдонмолору иштелип чыгып мугалимдерге таратылды. Мындан тышкары компаниянын адистери тарабынан даярдалган “Мобилдик сабаттулук сабактары” даярдалып, 7 дубандагы долбоорго катышкан мектеп мугалимдери үчүн тартууланды. Келечек муундун билим алуусун өбөлгөлөө – Кыргызстандын келечегине кошулган утушсуз салым!

MegaCom компаниясы Кыргызстандагы спорт тармагынын өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп, кикбоксинг, шахмат жана күрөш сыяктуу улуттук спорт федерацияларынын демилгелерин колдоп келүүдө. “Mega Футбол” долбоорунун алкагында Баткен шаарында чакан футбол аянтчасы курулуп пайдаланууга берилди. Мындан тышкары Баткен облусунун Газ айылындагы спорттук комплекстин курулушун уюлдук оператор колдоого алды. MegaCom компаниясынын көмөгү менен Талас шаарындагы борбордук стадион толугу менен ремонттолду. Коомдук телеканаладан чемпиондор лигасынын футбол оюндарын эфирден түз көрсөтүүгө MegaCom уюлдук оператору расмий демөөрчү болду. “Mega Футбол” спорт долбоорунун алкагында MegaCom Кубогу үчүн мамлекеттик кызматкерлер, ырчылар жана журналисттер арасында Ош жана Бишкек шаарларында мелдештер өткөрүлдү.

Техникалык өнүгүү жана заманбап байланыш
Көрсөтүлүп жаткан тейлөөнүн сапатын жана маалымат берүү кызматтарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында өлкө аймагында 200гө жакын станция курулду.

Уюлдук байланыш жете элек айыл-кыштактарга базалык станцияларды орнотуу иштери бул жылы жигердүү уланып, жыйынтыгында ондон ашык айыл-кыштактар байланыш менен камсыз болуп, миңдеген элеттиктер MegaComдун кызматтарынан пайдалана баштады. Компания 3G/HSPA/HSPA+/HSDPA тармагын өнүктүрүүнү колго алып, интернеттин ылдамдыгын секундасына 42 Мбитке жеткирүүнү шарттады. Бул иш-аракеттер өз кезегинде, уюлдук операторлордун ичинен алгачкылардан болуп, Чүй өрөөнүн, ордо калаабызды 3-муун байланышы менен камсыз кылуусуна түрткү берди. Башка облустарда 3G менен ири калктуу пункттар камтылды.

MegaCom компаниясы - өз ишмердүүлүгүн ISO (Independent International Organization for Certification) 9001:2008 сапатындагы эл аралык стандарттын талаптарына ылайык жүргүзүп келе жаткандыгын далилдеген жана сапаттык менеджмент тутумунун тастыктоосунан ийгиликтүү өткөн Кыргызстандагы бирден-бир уюлдук оператору деп таанылды.

Улууга урмат кичүүгө ызат
Ардагерлерди колдоо акциясы адаттагыдай бул жылы да уланып, республикадагы 1000 ардагерге 9-май Жеңиш күнүндө жана 1-октябрь карылар күнүнө карата акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бөбөктөргө кам көрүү максатында Кыргызстандагы 4 балдар үйүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүү иш-чаралар өткөрүлдү. “MegaCom Аллеясы” долбоорунун алкагында Бишкектеги Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун айланасы жашылдандырылып, 400 ашык көчөт отургузулуп, чатырчасы бар отургучтар орнотулуп, 600 чарчы метр жерге таштаман төшөлүп, аллеянын так ортосуна эс алууга арналган чатырча курулду.

Мындан тышкары Оштогу чек ара бөлүмүнүн аймагында жайгашкан “Түштүк” аскер ооруканасынын чатырын алмаштырып, капиталдык оңдоп-түзөө жумуштарын жүргүздү. Бул демилгеси аркылуу компания өз мекенинин коргоочуларына өзүнүн урматтоосун билдирди.

Демөөрчүлүк
Компания Ысык-Көлдөгү Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда өткөн “Мейкин Азия” фестивалынын башкы демөөрчүсү болду. Уюлдук оператор, Ысык-Көл облусундагы Аймактык байланыш кызматташтыгынын администрация башчыларынын 48-Кеңешин (АБК АБ) жана Аймактык байланыш кызматташтыгы алдындагы маалыматташтыруу боюнча КМШ өлкө-катышуучуларынын 19-Координациялык кеңешин уюштурууга улуттук байланыш агенттигине демөөрчүлүк жардам көрсөтүлдү.

Бизге 7 жыл
2013-жылы MegaCom компаниясы өзүнүн 7 жылдыгын белгиледи. Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда Fly Project белгилүү тобунун жана 25 000 көрүүчүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн иш-чара масштабдык концерт менен коштолду.

MegaCom 2013-жылдын жыйынтыгын чыгарууда
MegaCom компаниясы каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын байма-бай жарыялап келет. Жыйынтыктар аудит кылынбаган алдын-ала маалыматтардын негизинде алынды. MegaCom компаниясынын түшкөн акчасы үстүбүздөгү жылдын 12 айы үчүн болжолдуу түрдө 8 млрд 85 млн сом болсо, өсүү деңгээли 2012 –жылдын 12 айына салыштырмалуу 5 пайызды, 2011-жылдын 12 айына салыштырмалуу 17 пайызды, ал эми 2010-жылдын 12 айына салыштырмалуу 39 пайызды түзмөкчү.

Бүгүнкү күндөгү болжолдуу маалыматтарга ылайык, 2013-жылдын 12 айында мамлекеттин казынасына төлөнгөн салыктардын жана башка төлөмдөрдүн суммасы 1 млрд 778 млн сомду түзө турган болсо, өсүү деңгээли болжол менен 2012 –жылдын 12 айына салыштырмалуу 16 пайызды, 2011-жылдын 12 айына салыштырмалуу 36 пайызды жана 2010-жылдын 12 айына салыштырмалуу 133 пайызды түзмөкчү.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы