Перейти на новый сайт
2013-жылдын жыйынтыгы: MegaCom 3,75G байланышы кеңири кулач жайды.

2013-жылдын жыйынтыгы: MegaCom 3,75G байланышы кеңири кулач жайды.

MegaCom компаниясы республикабыздагы 2013-жылдагы 3G жабдууларын жаңылоо программасынын жыйынтыгын чыгарды. Базалык станциялардын 20 пайыздан ашууну DC-HSDPA+ технологиясына өткөрүлүп, компания өз абоненттерин бүгүнкү күндө ылдамдыгы 42 Мбит/с. болгон интернет менен камсыз кылып келет. Үчүнчү муун байланышын колдогон калган базалык станциялар максималдуу ылдамдыгы 21 Мбит/с болгон HSPA+ технологиясы боюнча иштешет.

DC-HSDPA+ (Dual Carrier HSDPA+) технологиясы тармактын сыйымдуулугун жана абоненттердин глобалдуу түйүнгө болгон жеткисинин орточо ылдамдыгын эки эсеге арттырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо, 3G тармагынын ишин жакшыртып, колдонуучуларга HD-видеону көрүүдө, мультимедиялык файлдарды ыкчам жүктөөгө ыңгайлуу шарттарды түзөт. Мындан тышкары, мобилдик интернеттин жардамы менен видеоконференцияларды өткөрүүгө жана башка кызматтардан пайдаланууга толук мүмкүнчүлүк бар. MegaCom компаниясынын 3G тармагы DC-HSDPA+ технологиясын MIMO (Multiple Input Multiple Output, мультикирүү/мультичыгуу) менен айкалыштырып, өз абоненттерине 84 Мбит/сек. ылдамдыкты сунуштап келет. Бирок бүгүнкү мобилдик аппараттарды өндүрүүчүлөр DC-HSDPA+ технологиясын колдонуп келишет. Компаниянын техникалык адистери узак мөөнөттүү жана максаттуу долбоорлоорго басым жасап, ишенимдүү жана өзүн-өзү актаган чечимдерди иш жүзүнө ашырып келет.

MegaCom тармагы аркылуу берилип жаткан маалыматтардын көлөмү күн санап өсүшү, өз кезегинде мобилдик интернеттин трафигинин республика боюнча жалпысынан алганда бир жыл ичинде 3 эсеге жогорулашын шарттаган. Уюлдук оператордун абоненттеринин ичинен ыкчам мобилдик интернет кызматтарынан пайдаланып келе жаткандардын саны 20 пайыздан ашты. Бул көрсөткүч смартфонду колдонуучулардын эсебинен тынымсыз өсүп келет. Заманбап талаптарга жооп берген базалык станцияларыбыздын басымдуу бөлүгү Бишкек, Ош, Жалал-Абад сыяктуу ири шаарларда жайгашкан.

Аталган технологияны ишке киргизүү менен бирге эле, 2013-жылы MegaCom IP-технологиясынын негизинде радиореле каналдарын уюштуруу жана оптикалык байланыш линияларына кошулуу аркылуу үчүнчү муундагы бардык базалык станцияларды IP-технологиясына өткөрүү долбоорун аяктаган. Бул кадамдар, абоненттерди туруктуу ыкчам ылдамдык менен камсыздап гана тим болбостон, тармакты 4G LTE түйүнүнө даярдоого негиз боло алат.

2014-жылы да базалык станцияларды DC-HSDPA+ технологиясына өткөрүүгө байланышкан саамалыктарын улантмакчы. 2013-жылдын декабрь айында 3G жаңы базалык станциялары Ош облусунун Бел-Кыштак айылында, Баткен облусунун Кулуңду, Орозбеков, Халмион айылдарында жана Айдаркен шаарчасында жана Нарын облусунун Кадыралы (Тилектеш) айылында ишке киргизилген.

MegaCom компаниясынын 3G тармагы мекенибиздин 50 пайыздан ашуун калктуу аймагын камтып, миллиондогон кыргызстандыктарды сапаттуу байланыш кызматтары менен камсыз кылып келет.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы