Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын дарегине ыраазычылыктар

MegaCom компаниясынын дарегине ыраазычылыктар

«Ири маданий иш-чараларды өткөрүүдөгү бараандуу салымы үчүн» MegaCom компаниясы Кыргызстандын премьер –министри Жантөрө Сатыбалдиевдин жогорку баасына татыктуу болду.

Компаниянын корпоративдик жоопкерчилигинин алкагында иш жүзүнө ашырылган долбоорлору тууралуу учкай кеп сала кетели. Эске салсак, MegaCom 2013-жылдын жайында «Мейкин Азия» фестивалын өткөрүүгө башкы демөөрчүлүк колдоо көрсөткөн.

Мындан тышкары, MegaCom компаниясы I Билим берүү Фестивалын өткөрүүгө көмөктөштү. Иш-чаранын алкагында миңдеген бишкектиктер жана борбор калаабыздын меймандары “Билим берүү Фестивалына” катышып, масштабдуу иш-чарага күбө болушту. Билим фестивалы эки күн бою ордо калаанын борбордук бөлүгүндө өтүп, MegaCom компаниясынын адистери фестивалга келгендерди корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында ишке ашырылып жаткан “Mega Билим” билим берүү долбоору менен тааныштырды. Бүгүнкү күндө, болжол менен алганда Кыргызстандагы мектептеринин 7 пайызын түзгөн 143 орто мектеп “Mega Билим” долбоорунун алкагында информатика сабагы боюнча теория менен практиканы айкалыштыра турган компьютерлер, атайын эмерек менен жабдылып жана Интернет тармагына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Мындан тышкары, спорт тармагын өнүктүрүү жана жайылтуу, ири спорттук мелдештерди өткөрүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн КРдин дзюдо боюнча Улуттук Федерациясы, КРдин шахмат федерациясы жана Баткен облусундагы Өкмөттүн өкүлчүлүгү жана Ысык-Көл облусунун спорт-комитети MegaCom компаниясына өз ыраазычылыгын билдиришти. «Миллиондогон кыргызстандыктарды дүйнөлүк сапат стандарттарына толук жооп берген байланыш кызматы менен камсыз кылгандыгы, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү салымы жана коомдун социалдык жашоосун көз жаздымда калтырбай келгендиги үчүн» улуттук мобилдик оператор «Де Факто», «Эркин Тоо», «Айат», «Фабула» аттуу республиканын алдыңкы гезиттеринин ардак баракчалар жана дипломдору менен сыйланды.

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы