Перейти на новый сайт

MegaCom бизнес-кейстер боюнча экинчи Чемпионаттын жеңүүчүлөрүн сыйлады.

MegaCom бизнес-кейстер боюнча экинчи Чемпионаттын жеңүүчүлөрүн сыйлады.

MegaCom компаниясы Business Brain Busters деген аталыштагы бизнес-кейстер боюнча республикалык чемпионатты өткөрүүгө колдоо көрсөттү. Иш-чаранын жыйынтыгы өткөн дем алыш күндөрү чыгарылды.

Бизнес кейстер боюнча чемпионат - дүйнө жүзү боюнча миңдеген жаштар бизнес чөйрөсүндө өз мүмкүнчүлүктөрүн сынап, логикалык жана креативдик ойломун өнүктүрүп жана эң негизгиси бизнес кейстерди, тактап айтканда компаниянын алдында турган милдеттерди жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун үйрөтөт. Аталган иш-чараны Кыргызстанда өткөрүү келечек муунубуздун аналитикалык көндүмдөрүн калыптандыруу, жаштар консалтингин өнүктүрүү жана жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосунда байланыш түзүү максатын көздөдү. Сентябрда башталган долбоордун алкагында эксперттер жана кеңешчилер тарабынан берилген бизнес-кейстер боюнча тренингдер , ачык мастер-класстар өткөрүлдү.

«Быйыл Business Brain Busters долбоору Бишкек, Ош, Каракол жана Алматы (Казакстан), шаарларынын жүздөгөн жаштарынын башын бириктирди. Чемпионатка катышуу үчүн жүздөн ашуун билдирме жөнөтүлүп, алардын ичинен финалга жыйырмадан ашуун команда тандалып алынган. Долбоорго катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдиребиз!» - деп белгиледи иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Чубак Бойконов.

Чемпионаттын жыйынтыгы боюнча өзгөчө көрсөткүчкө жетишкендер Кыргызстандын алдыңкы компаниялары тарабынан такшалма өтүү үчүн тандалып алынса, ал эми эң жигердүү катышуучуларга болсо MegaCom компаниясынын атайын белектери тартууланды.

MegaCom билим берүү тармагындагы өнүгүү жана жаңычыл багыттар үчүн!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Личный кабинет кураторa»

  • Услуга

    Опция «Пауза»

  • Услуга

    «VIP Service»

  • Услуга

    «Единая корпоративная сеть»