Перейти на новый сайт
MegaCom 3,75G түйүнү кулач жайып келет

MegaCom 3,75G түйүнү кулач жайып келет

MegaCom адистери өлкөнүн бардык аймактарында байланыштын сапатын жогорулатууга басым жасап, бул багытта жер-жерлерде масштабдуу иштерди жүргүзүп келет. Сөзүбүзгө аралжы, өткөн айдын ичинде эле өлкөнүн облустарында үчүнчү муундагы алдыңкы байланыш технологияларын киргизүү жана абоненттерди 3,75G байланышы менен камсыздоо максатында, компания тарабынан 15тен ашуун базалык станция ишке киргизилгендигин баса белгилей кетүүгө болот.

Жаңы ылдамдыкты жана байланыш сапатын төмөнкү айылдардын тургундары баамдай алышты:

  • Чүй облусунун Төрт-Көл, Кара-Суу, Ильичевское;
  • Жалал-Абад облусунун Комсомол, Таштак, Бостон айылдарынын тургундары жогорку ылдамдыкты жана байланыш сапатын баамдоого мүмкүнчүлук алышса, ал эми
  • Чүй облусунун Панфиловское жана Ильичевское айылдарында;
  • Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн шаарларында;
  • Жалал-Абад жана Кызыл-Кыя шаарларында;
  • Жалал-Абад облусунун Ладан-Кара, Сузак, Таш-Булак, Базар-Коргон, Массы айылдары жана Токтогул шаарчасы жайгашкан аймактарда үчүнчү муун түйүнүнүн сыйымдуулугу жогорулатылып жана тармактын иштөөсү жакшыртылды.

Компания 3,75G түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтүүгө гана эмес, алыскы аймактардагы калктуу конуштарда байланыш сапатын жогорулатууга да умтулуп келет. Маселен, кайсы бир айылдардын тургундары сапаттуу MegaCom байланышы менен алгач жолу пайдаланышты. Алардын катарына:

  • Чүй облусундагы Прогресс;
  • Ысык-Көл облусундагы Шор-Булак;
  • Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Көл, Чат, Кара-Булак, Жаңы-Дыйкан, Камыш-Башы;
  • Ош облусундагы Карл Маркс айылы жана Коммунизм, Октябрь жана Кысык-Алма калктуу конуштары кирет.

Өз кезегинде

  • Чүй облусунун Кош-Коргон, Кайырма, Дружба, Садовое айылдарында;
  • Ош облусунун Өзгөн шаарында жана Макаренко, Жыланды, Кош-Коргон, Шагым, Эркин, Коңурат, Бел-Кыштак, Коммунист, Жаңы-Кыштак, Кара-Таш;
  • Жалал-Абад облусунун Кыр-Жол, Благовещенка, Октябрьское, Сары-Булак, Сафаровка, Кызыл - Туу айылдарында сигналдын сапатын жакшыртуу жумуштары жүргүзүлдү.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы