Перейти на новый сайт
MegaCom: жогорку деңгээлдеги онлайн тейлөө

MegaCom: жогорку деңгээлдеги онлайн тейлөө

MegaCom расмий аккаунту Twitter социалдык тармагындагы компаниялардын бизнес-баракчаларынын рейтингинде биринчи орунга ээ болгон. Бул жөнүндөгү Инфографика “Кечки Бишкек” Интернет-басылмасы тарабынан жарыяланган.

Twitter-дин пайдалануучулары сервисти маалымат алуунун эң ыкчам каналы катары баалашат. Бул да бекеринен эмес, себеби биринчилерден болуп компаниянын жаңылыктары, келечектеги акциялардын анонстору пайда болуп, иш –чаралар трансляцияланат.

“Ыңгайлуу платформа аркылуу абоненттерге компания тууралуу маалымдоодон тышкары, MegaCom компаниясынын кардарларды колдоо онлайн кызматынын сервисте болушу менен бардык суроолорго жооптор ыкчам кайтарылат. Пайдалануучулардын жана абоненттердин кызыкчылыгын жана мүдөөлөрүн эске алуу менен, уюлдук оператор профилдик адистердин ишмердүүлүгүнө жаңы багыттарды киргизип келет. Мындан тышкары, абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн оператор Facebook, Odnoklassniki, Twitter, Agent, ICQ, Google+, В Контакте сыяктуу белгилүү социалдык тармактарында жана Gmail жана Mail.ru электрондук почталарынын пайдалануучулары үчүн SMS аркылуу баарлашуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Толугураак маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот”, - деп белгилеп өттү компаниянын PR-бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

Социалдык тармактардын көмөгү менен компаниянын абоненттери биринчилерден болуп кооз фотоотчетторду, улуттук мобилдик оператор тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларды, видеороликтерди көрүп, акцияларга , түрдүү конкурстарга катыша алышат. Жигердүү катышуучулар жана жазылуучулар үчүн фирмалык азембелектер жана да мобилдик Интернет, акысыз SMS жана мүнөттөрдүн топтомдору түрүндөгү байгелер каралган. Facebook, Odnoklassniki.ru, Twitter - @MegaComKg @MegaCom_help, Мой Мир, Google plus социалдык тармактарынын, LinkedIN кесиптик тармагынын жана да Diesel.elcat.kg, Blive.kg, Namba.kg, Bulbul.kg, youtube.сom, Kloop.kg. интернет чөйрөлөрүнүн жазылуучулары болуу менен акыркы жаңылыктардын борборунда болосуз.

MegaCom социалдык тармактарында зор Интернет-аудиторияны тузгөн жана туруктуу окурмандардын катарын толуктаган 10 000ден ашуун досторуна ыраазычылык билдирет.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы