Перейти на новый сайт
MegaCom «Визуалдык» тарифтик опциясы: жымжырттык баарлашууга тоскоол болбойт

MegaCom «Визуалдык» тарифтик опциясы: жымжырттык баарлашууга тоскоол болбойт

Бүгүн, 3-декабрда, дүйнө жүзүндө майыптардын Эл аралык күнү белгиленет.

Биз жашообузду кадимки телефонсуз элестете албайбыз. Ал эми, телефондун америкалык окумуштуу Александр Белл тарабынан угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ойлонуп чыгарылгандыгын бардыгыбыз эле биле бербесек керек. Тубаса жана кийин пайда болгон укпай калуу адамдын коммуникативдик мүмкүнчүлүктөрүн чектеген маанилүү фактор болуп саналат. Мобилдик байланышты, негизгиси тексттик билдирүүлөрдү кабыл алуу – жөнөтүү кызматын жайылтуу менен мобилдик телефондор угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын баарлашуусунун баалуу аспабына айланган.
“Визуалдык” тарифтик опциясы, MegaCom тарабынан, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген абоненттер үчүн атайын сунушталган. Тарифтик опциядан пайдаланып, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген абоненттер жана алардын жардамчысы MegaCom тармагынын бардык номурларына абоненттик төлөмсүз, 1 билдирүүнүн наркы 0,10 сомдон болгон SMS-билдирүү жөнөтө алышат.

MegaCom компаниясынын каалаган тейлөө борборуна кайрылып, тарифтик опцияны кошуп алууга болот. Толук маалымат компаниянын расмий сайтында жеткиликтүү.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы