Перейти на новый сайт
MegaComдун сатуу жана тейлөө Борборлорундагы акысыз Wi-Fi

MegaComдун сатуу жана тейлөө Борборлорундагы акысыз Wi-Fi

MegaCom компаниясы уюлдук оператордун Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылган бардык абоненттер үчүн жагымдуу жаңылык тартуулайт.

Бул кубанычтуу кабар MegaComдун борбор калаабыздагы бир катар Тейлөө борборлору зымсыз Wi-Fi түйүндөрү менен жабдылгандыгы менен байланыштуу. Эми Wi-Fi модулун камтыган түзмөктөрдүн ээлери акысыз Интернетке кошулуу менен, акыркы жаңылыктардын борборунда болуп, социалдык тармактардагы достору менен чексиз баарлаша алышат. Адаттагыдай эле, компаниянын тейлөө борборлорунун кесипкөй адистери ар бир кардарын жылуу маанайда кабыл алып, ыңгайлуу жана пайдалуу кызматтарды жана опцияларды кошууга байланышкан суроолор боюнча баалуу кеңештерди беришет. Акысыз Wi-Fi түйүнү менен жабдылган MegaCom компаниясынын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун тизмеси:

“Вефа” (Горький көч., 27/1);
“Бета2” (Юнусалиев көч., 177/2);
“Батыш” (Ден Сяопин көч., 10/14);
“Аламүдүн” (Жибек Жолу көч., 215/1);
“Бишкек Парк” (Киев көч., 148).

Ал эми, компаниянын келечектеги пландарында бардык Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорун Интернетке акысыз кирүү түйүндөрү менен жабдуу.

Чыныгы кесипкөйлөр менен дайым байланышта болуңуз!
 

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы