Перейти на новый сайт

MegaCom роуминги эми учакта жеткиликтүү

MegaCom роуминги эми учакта жеткиликтүү

Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрынан тарта, MegaCom абоненттери “Кийин төлөнүүчү роуминг” жана GPRS роуминг кызматтары менен ири аба каттамдардын ичинен пайдалана алышат.

“Өз абоненттеринин ыңгайлуулугун көздөгөн MegaCom компаниясы, мобилдик байланыш менен учуу маалында да, өзгөчө убакытты күтпөгөн шашылыш иштер болуп, алыскы аралыктарга саякатка жөнөгөн учурларда пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт”, - деп белгилеп өттү, роуминг жана интерконнект бөлүмүнүн жетекчиси Раушан Белекова.

MegaCom роуминги, саякат кылуу маалында жер үстүндө жүрүүчү гана эмес, аба транспортторунун ичинен да мобилдик байланыш жана GPRS Интернет кызматтары менен пайдаланууга шарт түзөт. Ал үчүн, төмөнкү авиа компаниялардын учактарынын ичинен Aeromobile түйүнүн тандоо зарыл: Air France, Emirates Airlines, KLM Airlines, Virgin Atlantic, Aer Lingus, Etihad Airlines, SAS, Singapore Airlines, Transaero Airlines. Аба каттамдардын саны күн санап өсүп келүүдө, толук маалыматты төмөнкү шилтемеден ала аласыз: http://www.aeromobile.net/airlines/

Роумингдеги кызматтарды көрсөтүү жана тарифтөө шарттары тууралуу толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан жана MegaCom абоненттери үчүн *500 акысыз номуру боюнча таанышууга болот.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы