Перейти на новый сайт
“Mega Билим” билим берүү долбоорунун II этабы старт алды

“Mega Билим” билим берүү долбоорунун II этабы старт алды

MegaCom мобилдик байланыш оператору, “Mega Билим” социалдык билим берүү долбоорунун экинчи этабы ишке киргизилгендиги тууралуу билдирет. КРдин Билим жана Илим Берүү Министрлиги алдындагы Билим Берүү Академиясынын колдоосу менен 7-9-класстар үчүн иштелип чыккан “Информатика жана маалымат коммуникациялык технологиялары” усулдук окуу куралы эки тилде басылып, долбоорго катышкан мектептердин мугалимдерине тартууланып жатат.

Азыркы учурда долбоор Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын билим берүү мекемелерин кучагына алды. Андан соң Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын мугалимдеринин, улуттук уюлдук оператордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен тегерек столдор өткөрүлүп, ал эми мобилдик мектептин ишмердүүлүгүн Чүй облусунун информатика мугалимдери үчүн борбор калаабызда уюштурулуучу иш-чара жыйынтыктамакчы.

Эске сала кетчү жагдай, компаниянын билим берүү багытындагы аталган долбоору 2011-жылдын 11-сентябрында башталган. 2 жыл ичинде 143 орто мектеп, б.а. өлкөбуздүн мектептеринин 7 пайызы компьютерлер жана атайын кошумча жабдуулар менен камсыз болушту. Эми бул мектептердин окуучулары компьютердик билимге гана ээ болбостон, MegaCom USB-модеми аркылуу Интернетке да жетки ала алышат. Мындан тышкары информатика мугалимдери үчүн, Linux операциялык тутуму менен иштөө боюнча, 3 күндүк тренингдер каралган.

MegaCom компаниясы өлкөбүздүн алдыңкы уюлдук оператору гана болбостон, ири салык төлөөчүлөрүнүн да катарын толуктайт. Социалдык жоопкерчилигин көз жаздымга калтырбаган компания мекенибиздин билим берүү чөйрөсүнө байма-бай колдоо көрсөтүп келүүдө.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Пауза

    кызматы