Перейти на новый сайт

Ош шаарынын аэропортунда жаңы MegaCom сатуу жана тейлөө борбору ачылды

Ош шаарынын аэропортунда жаңы MegaCom сатуу жана тейлөө борбору ачылды

Алдыңкы уюлдук оператор Ош шаардык эл аралык аэропортунда ачылган MegaCom сатуу жана тейлөө борбору тууралуу маалымдайт.

Тейлөо борбору аэропорттун 1-кабатында жайгашкан. Бүгүнкү күндөн тарта, абоненттерибиз жаңы тейлөө борборунан байланыш кызматтары үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү, SIM-картаны калыбына келтирүү, роуминг кызматын кошуу жана башка кызматтардын түрлөрүнөн пайдалана алышат.

Жаңы Тейлөө борборунун ачылышына карата, аталган борбордон түйүнгө кошулган бардык абоненттер түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон акысыз 30 SMS белекке ала алышат. Ал эми, балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган ар бир абонентке, MegaCom түйүн ичинде жөнөтүүгө мүмкүн болгон акысыз 20 SMSти 10 күнгө тартуулайт! Акция 2013-жылдын 25-октябрынан 25-ноябрына чейин өтөт. Бонустун калдыгын *505# буйруусун терүү аркылуу текшерүүгө болот.

Фергана өрөөнүнүн ири аэропортторунун бири болуп саналган байыркы Ош шаарынын аэропорту жылына миллионго жакын жүргүнчүлөрдү тейлеп келет.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы