Перейти на новый сайт
MegaCom: Жогорку Нарын ГЭСин куруучулар байланышсыз калбайт

MegaCom: Жогорку Нарын ГЭСин куруучулар байланышсыз калбайт

MegaCom компаниясынын кезектеги базалык станциясы Нарын облусунда ишке берилди. Станция, Жогорку Нарын каскадынын курулушу жүрүп жаткан аймактагы Орток айылына канатташ жайгашкан тоо чокуларынын биринде орнотулуп, ГЭС куруучулардын шаарчасын байланыш менен камсыз кылмакчы. Маалыматка таянсак, эки миңден ашуун адам катыша турган гидро-энергетикалык объектинин курулуш иштери 2014-жылдын жаз мезгилинде башталат. Базалык станцияны ачуу салтанатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аталган аймактын тургундары, уюлдук оператордун кызматкерлери катышты.

Эми, MegaCom байланышы менен ГЭСти куруучулар эле эмес, Теңир-Тоо аймагынын Таш-Башат, Төш-Булак, Дөбөлү, Кайыңды, Калинин жана Ири-Суу айылдарынын 3 миңден ашуун калкы да пайдалана тургандыгы аталган аймактын тургундары үчүн жагымдуу кабар болду. Базалык станцияга 3G жаңы муундун технологиясы орнотулгандыктан, элеттиктер үн байланышынан тышкары ыкчам интернет менен колдоно алышат.

MegaCom компаниясы мекенибиздин уюлдук байланыш жете элек алыскы аймактарынын тургундарын байланыш менен камсыз кылуу үчүн, сапаттык стандарттарга шайкеш жана коопсуздук эрежелерине толугу менен жооп берген базалык станцияларды орнотуу иштерин улантып келет.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы