Перейти на новый сайт
MegaCom кыргыз тилин өнүктүрүүгө кайдыгер эместигин дагы бир ирет далилдеди

MegaCom кыргыз тилин өнүктүрүүгө кайдыгер эместигин дагы бир ирет далилдеди

MegaCom уюлдук оператору мамлекеттик тилди окутуу боюнча сабактын мыкты иштелмеси үчүн жарыяланган жалпы республикалык конкурска колдоо көрсөттү.

Мамлекеттик тил күнүн утурлай, «Кутбилим» гезити жана мамлекеттик тил комиссиясы менен биргеликте жеңүүчүлөрдү сыйлады. 2013-жылдын январь айынан август айына чейин созулган сынакка 100дөн ашуун иштелме жөнөтүлүп, анын ичинен 52си тандалып алынган. Конкурстун жыйынтыгында мекенибиздин булуң-бурчунан катышкан 7 тилчи мугалим жеңүүчү болушту.

Кара-Суулук жаш мугалимдер Замира Атакулова жана Назира Шайлиева, Улуттук компьютердик гимназиянын алдыңкы тилчиси Гүлүмкан Асанкадырова, Ноокат районунун “Улуу-Тоо” толук эмес мектебинин директору Абдиназар Эргешов, көл кылаасынан келген Мирбек Дүйшөмбиев, теңир-тоолук Кенжегүл Бектемирова болушту. Талас лицейинен келген математика мугалими Ашыккал Тагайматова жаңычыл-окутуучулардын тизмесин толукташты.

Жеңүүчүлөр «Кыргыз тили» төш белгисине, акчалай сыйлыкка жана да мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын ардак грамоталарына ээ болушту. Мугалимдер, өз кезегинде, MegaCom компаниясына мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдире кетти.

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы