Перейти на новый сайт

MegaCom: Ош шаарынын абоненттер үчүн майрамдык акция

MegaCom: Ош шаарынын абоненттер үчүн майрамдык акция

SMS-баарлашууну сүйүүчүлөрү үчүн кубанычтуу жаңылык! MegaCom компаниясы, үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында, Ош шаарындагы Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун туулган күнүнө карата өтө турган майрамдык акцияга катышууга бардык абоненттерин чакырат.

Аталган MegaCom Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборуна келип, балансын 50 сом же андан ашык суммага толуктаган бардык абоненттерге 10 күн бою түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон акысыз 20 SMS белекке тартууланат! Ал эми, жаңы SIM-карта сатып алганда акысыз 30 SMS берилет. Жаңы тейлөө борбордон балансын кайрадан толуктаган учурда, акысыз SMSтер кошулуп (суммаланып) аракет мөөнөтү балансты толуктаган учурдан тарта дагы 10 календардык күнгө узартылат. Белек бонустарынан 10 күн ичинде пайдаланууга болот. Бонустук SMSтердин санын *505# номуру боюнча текшерүүгө болот.

Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун жогорку деңгээлдеги адистери өз кардарларын Ош шаары, Масалиев 10а көчөсү (мурунку “Ош Плаза” соода борбору”) дареги боюнча, 8:30дан 19:30га чейин дем алышсыз жана тыныгуусуз күтүшөт. Компаниянын бардык Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунун даректери менен компаниянын расмий сайтынан таанышууга болот.

MegaCom – абоненттер үчүн максималдуу ыңгайлуулук!

Сунушталган кызматтар

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы