Перейти на новый сайт
MegaCom телекоммуникациялык жабдууларын жаңылап келет

MegaCom телекоммуникациялык жабдууларын жаңылап келет

MegaCom компаниясы байланыш сапатын жакшыртуу жана Кыргызстандын жалпы аймагында мобилдик байланыш сигналдарын кабыл алуу чөлкөмүн кеңейтүү боюнча тынымсыз иш-аракеттерди аткарууда. 2,8 миллион абонентти үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылуу максатында уюлдук оператор, 2011-жылдан баштап, жергебиздин бардык аймактарындагы телекоммуникациялык жабдууларын байма-бай жаңылап келет.

Үстүбүздөгү жылы мекенибиздин аймагында 100дөн ашуун базалык станция (БС) ишке киргизилген болсо, анын ичинен 60 станция камтуу аймагын кеңейтүүгө жана байланыш сапатын жогорулатууга багытталып, ал эми 150дөн ашуун 3G базалык станциялары Чүй жана Нарын облустарынын батыш тарабын камтуу максатында орнотулган. Мындан тышкары, 2G/3G/LTE стандарттарын колдогон базалык станцияларга дагы артыкчылык берилет.

Мобилдик байланыш сапатына таасирин тийгизген объективдүү себептер дагы жок эмес. Бийик тоолуу аймактарда радиотолкундарды жайылтууда келип чыккан табигый тоскоолдуктар базалык станциялардын тейлөө радиусунун кыскарышына алып келет. Быйыл, биринчи жолу, базалык станциялар деңиз деңгээлинен 4200 метр бийиктикте орнотулган. Өлкөбүздүн бир катар аймактарында электрэнергиясынын өчүрүлүп турушу коңшу жайгашкан станцияларга күч келтирип, үн чалууларын үзгүлтүккө учуратат. Мындай тоскоолдуктардын алдын алуу үчүн базалык станцияларга ДГОлорду орнотуу колго алына баштады. Дизелдик генератордук орнотмолор электрэнергиясы өчүрүлгөн учурда дагы базалык станциялар үзгүлтүккө учурабай иштейт дегенди билдирет. Ал эми компания адистери кубаттандыргыч батареяларды жаңыртып, электрэнергияны аз сарптаган кабыл алып жана өткөрүүчү заманбап аппаратураларды өз тажрыйбасында колдонуп келет.

Өнүгүү жолунда келечекке кадам таштаган компания абоненттерине болгон камкордукту, алардын заманбап жана сапаттуу байланышка болгон мүдөөлөрүн канааттандырууну өз артыкчылыктуу милдети катары эсептейт.

Сунушталган кызматтар

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы