Перейти на новый сайт
MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

Урматтуу абоненттер, байланыш сапатын жогорулатуу максатындагы техникалык жабдууларды кубаттандыруу иштерине байланыштуу (үн трафиги, SMS, MMS - билдирүүлөр, GPRS жана 3G ылдамдыгын жогорулатуу) бүгүн, 17-сентябрда, төмөнкү аймактарда тармактын иштөөсүндө убактылуу мүчүлүштүктөр болушу күтүлүүдө:

  • Ош облусунун Куршап, Мырза-Аке, Арек, Мөнөк айылдары, Гүлчө айылдык аймагы;
  • Ош шаарындагы Привокзальная, Фрунзенская, Исанов, Маматкаримов Аттокур көчөлөрү, Достук кичирайону жана унаа базары;
  • Жалал-Абад облусунун Кызыл- Байрак, Тельман, Чоко-Дөбө, Таштак айылдары жана Жалал-Абад шаарынын Пушкин, Шопоков жана Жеңижок көчөлөрү;
  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын Кравцов, Исаков, Госмельница, Ленин көчөлөрү;
  • Бишкек шаарынын Интергельпо жана Чыгыш 5 кичирайону жайгашкан аймактар камтылат.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Урматтоо менен, MegaCom компаниясы

Сунушталган кызматтар

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Корпоратив 24»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Номурду аралыктан калыбына келтирүү

    кызматы