Перейти на новый сайт
MegaCom Орусиялык белгилүү топтун концертине чакырат

MegaCom Орусиялык белгилүү топтун концертине чакырат

Мекенибизге заманбап жана стилдик курулушу жагынан көп кырдуу болгон «Пицца» тобу келмекчи. Соул-поп, регги, фанк ал гана эмес рэпти да айкалыштырган атына заты жарашкан бул топтун концерти Бишкек шаарында 15-сентябрда – жекшемби күнү гана болот.

«Курал», «Париж», «Жума», «Апа» сыяктуу ырлары топтун аткаруусунда сунушталмакчы. Майда фрагменттердин кайталангыс жана уникалдуу айкалышынан турган топтун чыгармачылыгы аны башкалардан өзгөчөлөп тургандай. «Жандүйнөнү эргиткен шаар музыкасы жан дүйнөнү эргиткен топтон», - деген аталышы айтып тургандай эле ырчылар негизинен урбан-соул стилинде өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Уюштуруучулардын айтымында, шаан-шөкөткө, жагымдуу көз ирмемдерге толгон кече болмокчу!

Борбор калаабыздын бардык жашоочулары үчүн, MegaCom компаниясынын тарабынан, социалдык түйүндөрдө атайын конкурс уюштурулуп жатат. Ажайып концертке катышууну каалагандар үчүн билеттерди утуп алуу мүмкүнчүлүгү тартууланат. Толук маалымат facebook.түйүнүндөгү MegaCom компаниясынын атайын бетинде жайгаштырылган. 

Катышып, MegaCom менен бирге көңүл көтөргөн музыка дүйнөсүнө саякаттаңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы