Перейти на новый сайт
Талас облусундагы Бакай-Ата айылында MegaCom жаңы фирмалык салону ачылды

Талас облусундагы Бакай-Ата айылында MegaCom жаңы фирмалык салону ачылды

MegaCom компаниясы, Талас облусунун Бакай-Ата айылында жаңы ачылган Фирмалык салондун бардык меймандарына мобилдик белектерди тартуулайт. 

Жаңы фирмалык салондун ачылышына карата, атайын өткөрүлүп жаткан акциянын алкагында, сентябрь айынын 5-7не чейин өз балансын 50 сом же андан ашык суммага толуктаган абоненттерге 10 күн бою түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон акысыз 20 SMS белекке тартууланат. Жаңы тейлөө борбордон балансын кайрадан толуктаган учурда, акысыз SMSтер кошулуп (суммаланып) аракет мөөнөтү балансты толуктаган учурдан тарта дагы 10 календардык күнгө узартылат. Ал эми, MegaCom тармагына кошулган ар бир абонент акысыз 30 SMSтен турган топтомду белекке ала алат.

Жаңы Фирмалык салон аркылуу тармакка кошулууга, байланыш кызматтарына келишим түзүүгө, тарифтик планды же номурду тандоого же алмаштырууга, кошумча байланыш кызматтарына кошулуу жана аларды пайдалануу боюнча кесипкөй кеңешчилерден жардам алууга болот. Жаңы салондун дареги: Талас облусу, Бакай-Ата айылы, Манас көчөсү 113. Иштөө убактысы: жумасына жети күн бою саат 09:00дөн 18:00гө чейин, тыныгуусуз.

Алдыңкы уюлдук оператордун Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлору өлкөбүздүн бардык ири шаарларында жана борборлорунда жайгашкан. Тейлөө борборлордун абоненттерге жакын болушу мобилдик суроолорду ыкчам жана оперативдүү чечүүгө шарт түзөт.

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы