Перейти на новый сайт

MegaCom кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктайт!


MegaCom кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктайт!

MegaCom уюлдук оператору кыргызстандыктарды мамлекеттин башкы майрамы – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктайт!

Эртең Кыргызстан көзкарандысыз мамлекет болгондугунун 22 жылдыгын белгилейт. Дал ушул күнү тарыхыбыздын кезектеги барагы ачылып, өлкөбүздүн руханий, экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы чыйыры түптөлгөн эле. Бул жылдардын аралыгында мамлекетибиз көптөгөн ийгиликтерге жетишип да, бурулуш учурларды башынан өткөрүп да келет. MegaCom компаниясы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, экономиканын туруктуу пайдубалын курууга өз бараандуу салымын кошуп келгендердин катарын толуктоодо. Компания адистеринин негизги максаты мекендештерин заманбап жана сапаттуу байланыш кызматтары менен камсыздоо менен байланышкан.

MegaCom компаниясынын жамааты мекендештерине өз куттуктоосун жолдойт. Жалпы кыргыз журтчулугуна ынтымак-ырашкерликте бакубат өкүм сүрүшүн каалайт!

Сунушталган кызматтар

  • Пауза

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы