Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы “Адам өмүрүн сактайлы!” SMS-акциясынын жыйынтыктады

MegaCom компаниясы “Адам өмүрүн сактайлы!” SMS-акциясынын жыйынтыктады

MegaCom уюлдук оператору, Бишкек шаарынын Тез жардам көрсөтүү станциясына алгачкы жардам көрсөтүүгө жумшалуучу дары-дармектерди жана заманбап медициналык жабдууларды сатып алууга каражат топтоо максатында өткөрүлгөн кайрымдуулук sms-марафонунун жыйынтыгын чыгарууда.

Компаниянын абоненттери “0103” кыска номуруна SMS билдирүү жөнөтүү менен, өзүнүн мобилдик телефонунун эсебинен Бишкектин тез жардам көрсөтүү станциясынын эсебине 20 сом өлчөмүндөгү каражатты которушкан. Бүгүнкү күндө, акция алкагында 42 229 сом топтолуп, бул каражат 2013-жылдын 25-апрелинде Лев Толстой көчөсүндө жол кырсыгына кабылган реанимация унаасын кайрадан калыбына келтирүүгө жумшалмакчы.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабы боюнча, компания акча каражатын топтоого багытталган абоненттик номурларды ачууну жана ошондой эле “Адам өмүрүн сактайлы!” SMS-акциясын өткөрүүнү токтото тургандыгы тууралуу маалымдайт.

МegaCom компаниясы, өз кезегинде, аталган акцияга катышып, мекендештеринин өмүрүнө кайдыгер карабаган абоненттерине ыраазычылык билдирет.

Сунушталган кызматтар

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?» корпоратив

    кызматы

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы