Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байланыш тармагын жакшыртууга белсене киришти

MegaCom компаниясы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байланыш тармагын жакшыртууга белсене киришти.

Борбор калаабызды жана Сары-Өзөн Чүйдү жердеген калктын басымдуу бөлүгү байланыш жана мобилдик интернет кызматтарынан колдонуп келишет. Бул жагдайды эске алуу менен, MegaCom компаниясынын техникалык дирекциясы тарабынан аталган аймактагы жабдуулардын талапка ылайык иштөөсүн камсыздоо, базалык станцияларды орнотуу үчүн жаңы аянтчаларды куруу иштерине басым жасалууда.

Бүгүнкү күндө, борбор калаабызда үчүнчү муун байланышын колдогон жүздөн ашуун базалык станциялар орнотулган. 2013-жылдын соңуна чейин 3G тармагынын колдогон ондогон базалык станциялар ишке киргизилмекчи. Үзгүлтүксүз байланышты камсыздаган бардык жаңы жабдууларга техникалык талаптар коюлуп, алардын санитардык эрежелерге шайкеш келүүсүнө, электромагниттик толкундардан тараган нурлардын зыянсыздыгына өзгөчө көңүл бурулат. Заманбап жабдуулар 3G тармагын колдоп гана тим болбостон, кийинки муун байланышына өтүүгө башат болуп бере алат.


Компания 3G/HSPA/HSPA+/HSDPA тармагынын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн баалоо менен, HSPA+/HSDPA тармагын мыктылоо аркылуу интернеттин ылдамдыгын секундасына 42 мБит көрсөткүчүнө чейин жеткирүүгө белсенүүдө.

Алдыңкы уюлдук оператор алгачкылардан болуп ордо калаабызды жана Чүй өрөөнүн 3G тармагы менен камсыздоону колго алгандыгы маалым. Кыргызстандын башка аймактарын да жаңы муун байланышы менен камтуу мерчемделген.

Жабдууларды жакшыртуу иштери, бул багытта көп жылдык тажрыйбасы бар, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн техникалык адистери менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Компания, 2G/3G/LTE стандарттарын колдогон базалык станцияларын орнотуудан тышкары, жакынкы 3 жыл аралыгында, була-оптикалык байланыш линиясын (БОБЛ) курууга кошумча каражат жумшамакчы.

3G жана 3,75G стандартындагы байланыш кызматтары ишке киргизилгенден тарта, жүз миңден ашуун абоненттер ылдамдыгы 30 эсе жогорулаган ыкчам интернеттен пайдалана башташкан. Ал эми, MegaCom USB-модеми жогорку ылдамдыктагы интернетти камсыздайт.

MegaComдон 3,75G – жаңы мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдүү кеңсе»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы

  • Бөлүнгөн канал аркылуу интернет

    кызматы

  • «VIP Service»

    кызматы