Перейти на новый сайт

Чолпон-Атадагы MegaCom сатуу жана тейлөө борбору акция өткөрөт

Чолпон-Атадагы MegaCom сатуу жана тейлөө борбору акция өткөрөт

Бүгүн, 19-августта, кыргыз берметинин жээгинде жайгашкан Чолпон-Ата калаасындагы, MegaComдун Сатуу жана абоненттерди тейлөө борбору (СТБ) кезектеги туулган күнүн белгилейт. Майрам күнүнө карата, алдыңкы уюлдук оператор адаттагыдай эле, компаниянын СТБсына келген курорт шаарынын тургундарына жана меймандарына, “Бонус SMS” акциясынын алкагында SMS-бонустарды тартуулайт.

“Бонус SMS” акциясы, өз балансын 50 сом же андан ашык суммага толуктаган учурда, 10 күн бою түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон акысыз 20 SMS алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал эми, MegaCom зор тармагына кошулган ар бир абонент акысыз 30 SMSтен турган топтомду белекке ала алат. Белекке алынган бонустардан 10 күн ичинде пайдаланууга болот. Бонустук SMSтердин санын *505# номуру боюнча текшерүүгө болот.

Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборунун жогорку деңгээлдеги адистери, Сиздери Совет көчөсү 52 (Тарых музейинин аймагы) дареги боюнча күнүгө саат 9:00дөн 19:00гө чейин, дем алышсыз жана тыныгуусуз күтүшөт. Компания тарабынан өткөрүлүп жаткан акциялар жана бардык СТБнын даректери жөнүндө толук маалыматты компаниянын расмий сайтынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Куратордун жеке кабинети»

    кызматы

  • «Бирдиктүү корпоративдик түйүн»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы