Перейти на новый сайт
MegaCom мобилдик алдамчылык учурлары күч алгандыгы тууралуу эскертет

MegaCom мобилдик алдамчылык учурлары күч алгандыгы тууралуу эскертет

Мобилдик байланыш оператору, MegaCom компаниясы мобилдик алдамчылык учурлары көп катталгандыгы тууралуу эскертет. Шылуундардын бул амалдары абоненттердин эсебинен акча каражаттарын чыгарып алууга багытталган.

Көңүл буруңуз: абоненттерге оюндун, лотереянын же акциянын жеңүүчүсү болуп табылгандыгын, ага баш байге - телефон же накталай акча каражаты бериле тургандыгын билдирген ар кандай мобилдик номурлардан жөнөтүлгөн SMS-билдирүүлөр компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин билдиребиз.

- Урматтуу абоненттер, провокацияга алдырбаңыздар! Сиздерге белгисиз адамдар кайрылып, кайсы бир оюндун, лотереянын же акциянын жеңүүчүсү болдуңуз деп маалымдаган учурда, ошол замат *500 номуру боюнча Кардарларды колдоо кызматынын адистери аркылуу маалыматты тактаңыз. "Биз, өз кыраакылыгы менен, шылуундардын кылмыштуу иш-аракеттерин алдын алууга көмөктөшкөн абоненттерибиздин кайрылууларын каттап турабыз. Мындай жагдайда жарандарды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырабыз,” – дейт өз билдирүүсүндө MegaCom компаниясынын корпоративдик байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жылдыз Мамытова.

MegaCom компаниясынын кызматкерлери тармакты, кызматтарды, жаңы тарифтик пландарды тестирлөөдө, көмөктөшүү суранычы менен өз абоненттерине кайрылбай тургандыгын эсиңиздерге сала кетели. Абоненттин эсебинен акча каражаттарын чыгарып алууну же дарегин жаңыртуу кызматын активдештирүүнү шарттаган амалдар белгилүү бир буйрууларды терүү жолу менен ишке ашат. Дарек жаңыртуу кызматы активдүү болгон маалда, мобилдик номурду терүүдө башка номурга чалуу, башка өлкөгө да чыгышы мүмкүн. “Тармактык кызматтарды тестирлөө” өтүнүчү менен кайрылуу сиздерди алдоо аракети экендигин эстен чыгарбаңыздар.

MegaCom өз абоненттеринин кызыкчылыктарын коргоо максатында “Абоненттин коопсуздугу” баракчасында жайгаштырылган сактануу ыкмаларын сунуштайт. Компания тарабынан өткөрүлүүчү түрдүү мүнөздөгү акциялар, утуш оюндары, сынактар тууралуу маалыматтарды www.megacom.kg сайтынан жана социалдык түйүндөрдүн расмий баракчаларынан алууга болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Бизнес чакырык»

    кызматы

  • «Call-Борборду уюштуруу»

    кызматы

  • «Лимиттөө»

    кызматы

  • Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

    кызматы